Акыркы макалалар

"Жашооңор болсун көктөмдөй"

"Жашооңор болсун көктөмдөй"

Ааламды ак күтү менен асыраган ак элечек касиеттүү энелер, кадырман апалар, мээримдүү эжелер, назик сиңдилер! Сиздерди алдыда келе жаткан аялдардын Эл аралык 8-март майрамыңар менен куттуктаймын!

Турмуштун туткасы, үйдүн куту, жашоонун кыймылы сиздерсиздер. Бардык жерде билимиңерди, чыгармачылык жөндөмүңөрдү, акылыңарды өлкөнүн, элдин-жердин, өзүңөрдүн үй-бүлөңөрдүн өсүп-өнүгүүсүнө жумшап, атан төө көтөргүз милдеттерди аркалап келе жатасыздар. Бүгүнкү аял-эне, аял-мамлекеттик, коомдук ишмер, аял-ишкер, аял-фермер, аял-тарбиячы, аял-дарыгер, аял-мугалим, аял-жашоонун көркү.

Районубуздагы аялдар ушундай оор жана ардактуу ишти аткарып, өлкөбүздүн, районубуздун өнүгүшүнө зор салымдарын кошуп жатышат.

Ардактуу айымдар! Үй-бүлөңөрдө коломтонун отун, үйдүн шамын өчүрбөй, ынтымак-ырашкерликти сактап, балдарыңардын маңдайында дасторконуңарды кенен жайып, токчулуктун, берекенин кутун качырбагыла. Татынакай жүзүңөрдү капалыктын муздак жели үшүтпөсүн. Жаңырган жаздай, жай күнүндөй дайыма сулуу, бактылуу өмүр сүрүңүздөр. Дагы бир жолу Майрамыңыздар менен!

А. Молдалиева

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орунбасары, Аялдардын Ат-Башы райондук Кеңешинин төрайымы

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...