Акыркы макалалар

Өзгөлөргө өрнөктүү

Өзгөлөргө өрнөктүү

Адамдын ден соолугунун сакчылыгындагы ак халатчандар жөнүндө сөз болгондо ириде догдурлар айтылат. Дарыгердин айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарып, оорулууга ийне сайып, бериле турган дары-дармектерди чен өлчөмүндө өз убагында берип, оорулуунун ал-абалына, ички тазалыкка, тартипке кыскасы медициналык тейлөөнүн ийне-жибине чейин аздектеп, улууга да кичүүгө да дайыма илбериңки, кичи пейил мамиле жасап, бешенесинен мээрими төгүлүп турган эмчи айымдар (медсестралар) жөнүндө мактоо сөздөр негедир сейрек айтылат. Сөздүн чын-чынына келгенде адамдарды медициналык жактан сапаттуу тейлөөдө медайымдардын оол-тоодой алгылыктуу эмгектери арбын. Алардын катарында эмчи айым Бактыгүл Сатарова да бар. Каарманыбыз 1998-жылдан бери Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда көз оорулуулар бөлүмүндө үзүлүү эмгектенип келет.

Өзүнүн кесиптик ишин мыкты билген Бактыгүл иш билгилиги, кичи пейилдүүлүгү, тамашакөйлүгү менен кесиптештерине кадыр-барктуу. Ал 1995-жылы Нарын шаарындагы медициналык орто окуу жайын бүткөрүп, адистик алгандан кийин Нарын облустук ооруканасында, Чолпон-Ата шаарындагы Республикалык балдар кургак учук санаториясында эмчи айым болуп иштеген.

Адистик ишине дасыккан, өрнөктүү иши менен өзгөлөргө өрнөк көрсөткөн эмгек алдыңкысын сурамжылаганыбызда районубуздун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана кесиптик бирдиктин жетекчиликтери бир пикирден Бактыгүл Сатарованы аташты. Жетекчилик баалап, барктап сыймыктанган эмчи айым Б. Сатарова 2000-жылдан бери райондук, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун, Нарын облустук медицина борборлорунун профсоюзунун , Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын "Ардак Грамоталары" менен сыйланыптыр.

Эмгекчилдиги менен эмгек жамаатында кадыр-барк алган Бактыгүл бактылуу эне. Ал күйөөсү экөө эки кыз, бир уулду тарбиялашууда.

Учурдан пайдаланып, эмчи айым Бактыгүл Сатарованы алдыда жакындап келе жаткан аялдардын Эл аралык күнү-8-март майрамы менен куттуктайбыз! Ишиңди ийгилик жылоолосун, Бактыгүл!

Т. Алаков

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...