Акыркы макалалар

Ж. Баласагындын 1000 жылдыгы эл аралык деңгээлде өткөрүлөт

Залкар ойчул, окумуштуу, акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейи 2015-2016-жылдары эл аралык деңгээлде белгиленет. Бул боюнча президент Алмазбек Атамбаев "Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө" Жарлыгына кол койду.

Жарлыка ылайык, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы 2015-2016-жылдары улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Залкар ойчулдун юбилейин өткөрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлөт.

Юбилейлик иш-чаралардын алгачкыларын жүзөгө ашыруу боюнча иштерди Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте жүргүзүү үчүн КР Президентине караштуу Билим берүү фондунан 1 000 000 сом Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондуна бөлүндү.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...