Акыркы макалалар

Бишкекте жүргүнчү бааны өзү аныктай турган система ишке кирди

Бишкекте жүргүнчү бааны өзү аныктай турган система ишке кирди

Дүйнөгө дүң болгон мобилдик тиркеме тууралуу кептер көптөн бери эле айтылып жаткан. Технологиялык жана ыңгайлуу сервис аз убакыттын ичинде Россия менен Казакстандын жүргүнчү базарын башка нукка бурган. inDriver эл аралык агрегатору "жүргүнчү бааны өзү аныктайт!" деген революциялык системаны сунуштаган. inDriver системасы жүздөгөн шаарларда миллиондогон жүргүнчүлөр менен айдоочуларды бириктирди!

inDriver агрегаторунун сыры эмнеде?

1. Акча үнөмдөлөт. Жүргүнчүлөр иш сапарынын баасын өздөрү аныктайт. Иш жүзүндө inDriver баасы кадимки такси кызматтарынан 30-50 пайыз арзан турат.

2. Убакыт үнөмдөлөт. Такси кызматтарына чалып, бош унаа издөөнүн зарылдыгы жок. Унаага заказ берүүнү кабыл алуу убактысы 2-3 мүнөт.

3. Ыңгайлуулук жана жөнөкөйлүк. Интерфейс тиркеме (приложения) түшүнүктүү жана жөнөкөй. Заказды жиберүү эң оңой, болгону жүргүнчү бара турган жерин жана өзү бере ала турган сумманы жазып койсо болот. Бул айланада ошол багытка кетип бара жаткан же бош жүргөн айдоочулар жүргүнчүгө чалып ала кетет.

4. Функционалдуулук. Көптөгөн кошумча опциялар менен бара турган жердин критерийлерин- чакан автобусту, баланын отургучунун зарылдыгын жазып көрсөтсө болот.

5. Технологиялуулук. Билдирме бергенде жүргүнчү айдоочуга чейинки аралыкты жана анын унаасы шаардын кайсы жеринде келе жатканын көрөт.

6. Коопсуздук. Жүргүнчү айдоочунун аты-жөнүн, курагын, унаа номерин жана маркасын, канча жолу заказ алганы тууралуу маалыматты биле алат. Рейтинг системасы аркылуу тейлөө системасы катуу көзөмөлдөнөт жана ишин жаман аткарган айдоочулар модераторлор тарабынан блоктолот.

7. Кошумча акча табуу. Жеке унаасы барлар үчүн inDriver-кошумча акча тубуучу мыкты мүмкүндүк. Эркин график, диспетчердин жоктугу, GPS-геолокация унаанын бош кетүүсүн азайтат. Айдоочу өзү каалагандай заказ алат.

Мобилдик тиркемени Android, iOS же Windows Phone базасындагы смартфондоруна жүктөп алуу менен ишке киришсеңиз болот.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...