Акыркы макалалар

Жалал-Абадда республикалык жаштар форуму өтөт

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда 14-15-май күндөрү "Жаштар-туура кадам, таза максат үчүн" аталышындагы республикалык жаштар форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова билдирди. "Форумдун жүрүшүндө диний экстремизмдин алдын алуу, этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө жаштардын орду талкууланат" - дейт Г. Аширова.

Иш чарага республиканын бардык облустарынан 300дөн ашык делегат катышат. Мындан сырткары Өзбекстандын Наманган жана Тажикстандын Согди облусуна да тышкы иштер министрлиги аркылуу чакыруу берилген. Саамалык облустук бийлик тарабынан уюштурулуп жатат.

Белгилей кетсек, жаштар форумунда Жалал-Абаддын активдүү жаштары жумушчу топ катары иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулук кылышат.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА

Түп нускага шилтеме : www.aymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...