Акыркы макалалар

Непалда жер көчүүдө

Куткаруучулар жер көчкү коркунучу жогору жерлерден адамдарды эвакуациялап баштады.

Непалда куткаруучулар Гималайдын барууга кыйын болгон райондорундагы 150дөй адамды эвакуациялап баштады. Белгилүү болгондой, ал жерде ишемби күндөн бери маал-маалы менен жер көчүп. тоолордун этегинде жашаган тургундарга коркунуч туудурууда.

Жергиликтүү полиция өкүлү Правин Покхрел, элдердин каалоосуна жана мүмкүнчүлүгүнө жараша тик учак менен Дхунчеге же Катмандуга жеткирилип жатканын айтат.

Ошондой эле эвакуациялоо да оңойго турбаганы белгиленүүдө. Себеби, жолдор жуулуп калган. Ошондуктан тик учактын конушуна жер табуу кыйынчылыкка дуушар болуп жатканы айтылууда.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...