Акыркы макалалар

Өтөлүү өмүрүнө урабас эстелик куруп...

Өтөлүү өмүрүнө урабас эстелик куруп...

Жамгырчы уулу Абас... урматы улук, кадыры бийик, өтөгөн өмүр жолу урпактарга таалим алаарлык ысмы теңиртоолуктарга аттын кашкасындай таанымал, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, бүтүндөй өмүрүн чаалыкпаган мээнетин, эл жерине арнаган акылга бай, пейли кенен кадырман аксакал эле. Редакциянын кеңсеси жайгашкан мурдагы Жеңиш көчөсүнө аты ыйгарылып, кезегинде «Тянь-Шань правдасы» гезитинде бөлүм башчы болуп эмгектенген улуу муундагы кесиптешибиздин жаркын элесине таазим эткен бул макаланы окурмандардын назарына сунуштайбыз.

Сезимталдыгы, көрөгөчтүгү менен таанылган

Беш жашында ата-энеси менен Үркүнгө барып, жолдон далай азаптарды тартып, жаштайынан турмуштун өйдө-төмөнүн көрүп, өзү теңдүүлөрдөн сезимталдыгы, билимге болгон умтулуусу ой-өрүшүнүн, кыял чабытынын бийиктиги менен өзгөчөлөнүп турган Кочкор районунун Ормонхан айлынын кулуну Жамгырчу уулу Абас ата 1932-жылы Бишкектеги педтехникумдан окуп жүргөнүндө коммунисттик партиянын катарына кабыл алынат. Жаш студентке көрсөтүлгөн мындай ишеним аны турмуштун туура жолунда өз көз карашынан тайбай эрктүүлүк, эстүүлүк, намыскөйлүк менен эмгектене билүүсүнө жол ачкан. Туулуп-өскөн Кош-Дөбө айлына келип, адегенде бухгалтер, колхоздун башкармасынын төрагасы болуп эмгектенип, чарбанын ишин алга жылдырууга кабыл алынган социалисттик план милдеттенмелерин ашыгы менен аткарылышына бардык күч-аракетин, жетекчилик уюштуруучулук тажрыйбасын, ак эмгегин арнаган.

Кыргыз журналистикасынын түптөлүп, өсүп-өнүгүшүндө татыктуу орду бар Жамгырчы уулу Абас Кочкор райондук «Кызыл мал чарба» гезитинде жооптуу катчы, редактор, борбордогу «Кызыл Кыргызстан» гезитинин партиялык бөлүмүндө адабий кызматкер болуп иштеп, көптөгөн жаштарды эз кесибине такшалдырган устат катары да кадыры арткан.

Майдандагы кан кечкен күндөр

Улуу совет элинин бейкут турмушунун тынчтыгын бузуп, капилеттен кол салган гитлердик фашисттерге каршы майданга алгачкылардан болуп аттангандардын катарында Абас ата да бар эле. Алгач Ыраакы Чыгышта болуп

Примор крайындагы Уссири тайгасында даярдыктан өтөт. Аскер кызматын өтөп жүргөндө өзүн тыкан, шайдоот алып жүргөн, көз карашы, ой жүгүртүүсү терең берилген тапшырманы так, жоопкерчилик менен аткаргандыктан ротанын партиялык уюмунун катчылыгына, батальондун партиялык бюросунун мүчөлүгүнө шайланат. Мындай ишенимди актоо үчүн жоокерлер арасында мекенди коргоо, өз милдеттерин аткаруудагы өзгөчөлүктөр тууралуу түшүндүрүү иштерин талаптагыдай жүргүзөт.

Ыраакы Чыгышта япон самурайлары менен болгон кагылыштарга катышат. Ленинградды курчоодон бошотуудагы Варшавадагы кан суудай аккан жан аябаган салгылаштарда өзүнүн чыныгы эр жүрөк тайманбастыгын, баатырдыгын көрсөтөт. Мөндүрдөй жааган октордон жалтанбай ажал алдында турса да калтаарыбай өлүмдү унутуп, ураалап алдыда жүргөн теңиртоолук жоокердин эрдигине командирлери да таңгалышкан, куралдаштары суктанышкан. Суу каптаган траншеялар менен окопторго белчесинен батып, ачкачылыктан бут шилтегенге дарманы келбей калган ал азаптуу күндөрдү, немистердин жырткычтык мыкаачылыгы тууралуу неберелерине муңкануу менен айтып берээр эле.

Улуу Жеңишти госпиталда тоскон

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Улуу Жеңиш жөнүндөгү кабарды Польшадагы салгылашууда оор жарадар болуп, Белоруссиянын Моздок шаарындагы госпиталда дарыланып жатканда укканын мындайча эскерчү экен:

- Бир маалда эле сыртта кыйкырган, ураалаган үндөр угулуп калды. Аңгыча бир жоокер чуркап кирип: "Тургула, немистердин күнү бүттү. Биз жеңдик Рейхстагга туу сайылганын азыр эле радиодон уктук»,-дегенде төшөктө жаткандарыбыз ордубуздан кантип секирип турганыбызды билбей калдык. Бири- бирибизди кучактап алып, өпкүлөп, айтаарга кеп таппай, ураалап, кыйкырып атабыз. Бир сындырым нанды тең бөлүп жеп, окопто жатканда октун үнү угулбай калганда тамеки тартып, алыстагы ата-энебизди эстеп, сүйгөн кыздарыбызды айтып сырдаша калган жоокерлердин ушул күндү көрбөй топурак жазданганына, айрымдарынын өлүү-тирүүсү билинбей калганына жүрөгүбүз сыздап ыйлап да ийдик. Согуштун жүзү курусун, ал апаатты силер көрбөгүлө.

Тынчтык замандын каарман жоокери

Туулган жердин тузу буйруп, кан майдандан 2-топтогу майыптыкка чыгып, кайтып келген Абас ата ден соолугунун кыйла начарлап калганына кайыл болуп, чарбада бүлүнгөндү бүтөп, чачылганды жыйнап, жигердүүлүк менен эмгектенген.

«Билимдүүгө дүйнө жарык» дегендей билим алмайын алыска бара албасын сезип, 1948-жылы Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүрүп келип республикалык «Кызыл Кыргызстан», облустук «Тянь-Шань правдасы» гезиттеринде бөлүм башчы болуп эмгектенген. Саясий билими жетик журналист Тянь-Шань облустук басмакана жана полиграфиялык башкармалыктын башчылыгына дайындалат.

Тынчтык замандын каарман жоокери, турмуштан көптү көрүп, көптү билгендиги, терең билими, алысты таамай көрө билгендиги, өзүм дебей өзгөлөрдү ойлогон кең пейилдиги менен кадыры арткан Абас ата бардык райондордо басмаканаларды уюштуруп, ишке киргиздирет. Нарын облустук басмаканасын 21 жыл жетектеп, далай жаштарды кесибине такшалдырып, кол алдындагыларынын жакшылык-жамандыгына тикесинен тик туруп,элдин элегинен мезгил сынынан өткөн ак эмгеги менен таанылып, 1974-жылы ардактуу эс алууга чыгып, Авто сүйүүчүлөр коомунун башчысы болуп да үзүрлүү эмгектенген.

Жашоосунда сөөлөт күтпөй дөөлөт күткөн

Арийне жашоодо өзүңө ой-санаасы, табигий мүнөзү, руханий дүйнөсү шай келген өмүрлүк жарга баш кошкондон артык бакыт жоктур. Үй-бүлө күтүү жагынан да жолдуу болду. Капилеттен сөз, караңгыда жол тапкан, көздөгөнгө колу жеткен, сексен кырлуу, бир сырлуу Абас атанын никесин Эмгекчил айлынын кызы Түкүева Анаркүл апага буйруптур. Согуш башталганда он төрт жаштагы олбурлуу, тың- тарс кыз ооруктагы оор күндөрдү айылдагы апалары менен тең тартышып мыкты иштегенинен «Стахановчу» атыгып, кийин басмаканада мукабалоочу болуп иштеп жүрүп, «Тянь-Шань правдасынын» кызматкери Абас ата менен табышып баш кошот. 26 жыл «Дарыканада» иштеп, аялзатына таандык бардык изги касиеттерди өз орду менен баалап-барктап, жубайынын зоболосун бийик тутуп, 49 жыл бирге дөөлөттүү өмүр сүргөн байбичеси экөө сегиз уул-кызын таалимдүү тарбиялап, баардыгын жогорку окуу жайларынан окутуп, турмуштун улуу жолуна узаткан канат-бутагы жайылган үй-бүлөнүн мээрман ата-энеси эле. Айтмакчы, заман агымына жараша ишкерлик менен алектенип, өзүнүн атынан коюлган «Анаркүл апа» кафесин иштеткен уул-кыздарына баш-көз болуп, сыртынан сүрдүү жана талапчыл көрүнгөнү менен пейли кенен, мээрман бейиши болгур Анаркүл апа да редакцияга келип, Жеңиш күнүнө карата абышкасын эскерген, ардагерлерди куттуктаган макалаларды берип кетээр эле.

- Саналуу күндөрдөн соң зор салтанат менен майрамдалчу Улуу Жеңиштин 70 жылдыгында атамды эскерип олтуруп, бизди маңдайына олтургузуп коюп айткан насааттарын эстеп кеттим,-дейт уулу Нарын бажыканасынын кызматкери Кубанычбек Абас уулу. Атамдын бир келген өмүрдүн баа жеткис баркын баалай билгиле, калыстыктан тайбагыла, билим алгыла, эмгекчил болгула. Бардык адамдарды бирдей көрүп, ак пейлиңерден сыйлай билгиле,-деген насаатын бир туугандар өз жашообузда тумардай тутунуп келебиз. Атамдын дагы бир сөзүн карылыкка жетүү оңой, карылык касиетке жетүү кыйын, жакшы деген атка эгедер болуу өмүрдөн да кымбат, чындыкка чыккынчылык кылуу ыймансыздык, элдин сыйынан өткөн урмат-сый жок, анан балдарыңарды кичинесинен ыймандуулукка тарбиялагыла, китеп окуткула - деп айтканын эстей берем.

Улуу күндү алып келген ардактуу аталарыбызды, менин апамдай болуп ооруктун түйшүгүн тарткан ак саамай апаларыбызды улуу майрамы менен куттуктап, ден соолук, дөөлөттүү карылык каалап кетемин.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...