Акыркы макалалар

Кургак учуктун менингити баш оору, кусуу менен башталат

Кургак учук дарты эң эле оор социалдык көйгөйлөрдөн болууда. Анын ичинде ага балдардын көбүрөөк чалдыгып жатышы дагы ойлондурбай койбойт. Кургак учуктун менингити чоңдорго караганда кичинекейлерде басымдуу экендигин адистер белгилешет. Бул оорунун белгилери, себептери тууралуу Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Тешебаева баяндайт.

“ЭКИНЧИ ЖОЛУ КАРМАГАН КУРГАК УЧУК АЧЫК ФОРМАГА ӨТӨТ”

Учурда кургак учук дарты мурдагы жылдарга салыштырмалуу балдар арасында көбүрөөк кездешүүдө. Андыктан алгачкы жолу табылган ооруну аягына чейин дарылоо абдан маанилүү. Адатта балдардын ата-энелери, чоң апа, таенелери жоопкерсиздик кылып, дарыгер дайындаган дарыларды аягына чейин ичирип, талаптагыдай көзөмөлдөшпөйт. Ошол себептүү ал убактылуу басаңдаганы менен кийин кайталап кармаганда дарыны тоготпой калган формага өтүп кетет. Балдардын басымдуу бөлүгүндө кургак учуктун таякчалары бардык органдарга: бездерге, өпкөгө, боорго, бөйрөккө, ичеги-карындарга, сөөккө, мээге чейин таркап кеткендиктен 9-10 айга, ал эмес бир жылга чейин жатып дарыланууга туура келет. Кургак учуктун менингити менен жабыркагандар дагы ушул ооруканада жатышат, алар сөзсүз түрдө бир жыл дарыланышат. Адатта бул дарт чоңдорго караганда балдарда 8-10 эсе көп кездешет жана 2-3 жаштан 5-6 жашка чейинкилер көбүрөөк жабыркашат. Негизинен оору өтө курч кармайт жана температуранын жогорулашы менен коштолот, бул организмдин каршылык көрсөтүүсүнүн алсыздыгы менен түшүндүрүлөт. Менингиттин белгилери башталганга чейин балага себепсиз чарчоо, маанайдын пастыгы, айланадагыларга көңүл коштук, таарынчактык жана жашыктык мүнөздүү. Кескин ызы-чуу, жарык кыжырлантып, уйкусу тынч болбойт. Табити начарлайт, өңүнөн азат, арыктайт. Мындай абал 2 жумага же андан көп убакытка чейин созулушу ыктымал.

КУРГАК УЧУКТУН МЕНИНГИТИ КАНТИП БАШТАЛАТ?

Бала кусуп жана башы ооруй баштайт. Ошол эле учурда тамак ичкенине же ичпегенине карабастан абдан көп кусат, айрым учурда шаркырап, оозунан атат. Дарт жаңы башталганда көбүнчө желке тарап артка тартып оорутат, кийинчерек өтүшүп кеткенде “гидроцефалдык кыйкырык” деп аталган, оорутууга чыдабай кыйкырып жиберүү байкалат. Ошол эле учурда бетинде жана терисинде “Труссо” деп аталган тактар пайда болот. Дарттын экинчи жумасынан тарта терең дем тартуу байкалып, ал мезгил-мезгили менен кайталанат. Арыктап, ичи катат же өтө кичине балдарда кыска мөөнөттө ичи өтүшү мүмкүн. Ымыркайлардын эмгеги көөп чыгышы да ыктымал. Дарылоону кеч баштаганда оорулуунун башы барган сайын артка чалкалай берет. Баш-сөөк мээсинин нервинин иштеши оорунун 7-10-күнүндө бузулат. Бейтаптардын 60-70 пайызында көз бузула баштайт, чалыр болуп калуу коркунучу бар. Кургак учук менингити курч кармаган, өнөкөт жана күч алган түрлөргө бөлүнөт. Курч кармаган жана кургак учук менингитинин өтө катуу өткөн учуру өтө кичине балдарда байкалат жана ал аталган дарттын активдүү фазасында турган оорулуу менен карым-катнашта болгондо пайда болот.

СТРЕССТЕРДЕН УЛАМ КАТЫП КАЛГАН БЕЗДЕР “БАШ КӨТӨРӨТ”

Кургак учуктун менингити өз учурунда туура диагноз коюлбагандыктан кайгылуу аяктаган учурлар басымдуу. Булар көпчүлүк учурда башында инфекциялык ооруканага түшөт, анткени анын белгилери кусуу, баш айлануу, баштын оорусу кадимки менингиттикине окшош. Жүлүндөн суу алгандан кийин гана кургак учук экени аныкталып, бизге келишет. Ошондой эле катып калган бездер менен дагы келип түшөт. Булар кургак учук алгач козголгон учурда дарыланбастан, болгону организмдин иммунитети күчтүү болгондуктан туруштук берип, безде катып кала берген. Кийин баланын организми начарлап, тамактануу рациону бузулуп, жашоодон стресс алган соң ошол катып калган бездер “баш көтөрүп”, кургак учуктун таякчалары кан аркылуу бүткүл организмге таркай баштайт. Ошол себептүү менингитке айланат. Кургак учуктун менингити өлүмгө алып келүү көрсөткүчү боюнча биринчи орунда турат. Буга алдын алуу чараларын колдонуу менен гана бөгөт коюуга болот. Бул оорудан айыгып кеткен күндө дагы бир жеринен майып болот, же көзү кыйшаят, же аксап басып калат. Андыктан жогорудагы белгилер байкалары менен сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу зарыл. Канчалык эрте кайрылса жыйынтык ошончолук жакшы болорун эстен чыгарбоо керек.

“Кургак учуктун менингити өлүмгө алып келүү көрсөткүчү боюнча биринчи орунда турат. Буга алдын алуу чараларын колдонуу менен гана бөгөт коюуга болот”,-дейт А.Тешебаева.

АЙМИРА МЕНДЕЕВА

08-март, 2013-жыл, №9

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...