Акыркы макалалар

Кыргызстанда "космостук" данды өстүрмөй болушту

Кыргызстанда "космостук" данды өстүрмөй болушту

Кыргызстанда космонавттардын азыгына колдонула турган дан өсүмдүгүнүн бир түрү болгон - киноаны өстүрүү боюнча долбоор ишке кирди. Анын демилгечиси Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) эсептелет.

ФАОнун демилгеси боюнча түштүк америкалык өсүмдүктү сыноо иретинде себүү өткөн жылдын соңунда Кыргызстандын төрт областында жүргүзүлгөн. 2015-жылы Перудан алынып келинген киноанын жаңы сортторун сынак иретинде айдоого Чүй өрөөнүнөн жана өлкөнүн башка тоолуу аймактарынан жер бөлүндү. Алардын эң жакшы өскөн сорттору республика боюнча мындан ары карай жайылтып айдоого сунушталмакчы.

Бишкектеги Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, киноа белоктор менен протеинге бай өсүмдүк болуп саналат жана анын курамында организмге зарыл болгон магний, фосфор, темир, Е витамини жана калий жетишерлик көп өлчөмдө. Дан өсүмдүгү Эл аралык космостук станциянын бортунда сынактан өткөрүлгөн жана космостун шарттарында колдонууга ылайыкталган эң мыкты азык деп табылган. Европа космос агенттигинин (ЕКА) астронавты, аскер учкучу Саманта Кристофоретти киноа азыгын өзүнүн "бонус азыктарынын" бири катары тандаган.

Маалымат үчүн

Киноа өсүмдүгү алгачкылардан болуп, 3000 жыл мурда Анд тоолорунда жашаган элдер тарабынан айдала баштаган жана индейлердин эң маанилүү тамак-аш азыктарынын бири болуп саналат. Инктердин ашканасында ал жүгөрү, картошка менен бирге эле үч маанилүү азыктын бири катары колдонулуп жүрөт. Киноа деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктиктеги тоолуу райондордун өрөөндөрүндө, катаал шарттуу климатта жакшы өскөндүгү менен артыкчылыкка ээ.

Булак -"RG.ru"

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...