Акыркы макалалар

«Ата Мекен» фракциясы Ош шаарынын аэропортунун жетекчилигин алмаштырууну өтүнүүдө

Бишкек, 30-апрель /Кабар/. 30-апрелде Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда "«Манас» эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун (ААК) Оштогу филиалында түзүлгөн кырдаал талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев фракцияга Ош шаарынын аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын башчысы Даниэль Токтогонов кайрылганын кабарлады. Ал авиа жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирген эреже бузуу фактылары, ошондой эле аэропорттун аймагында куралдуу карактоонун натыйжасында 6 млн АКШ доллары каракчылардын колунда калганын айтып берген. Д. Токтогонов иликтөө жүргүзүү жана ишти жөнгө салуу максатында директор Алиевди кызматтан убактылуу четтетүүнү суранган.

Депутаттар Туратбек Мадылбеков, Жоомарт Сапарбаев, Уланбек Нуркулов, Асия Сасыкбаева, Гуласал Садырбаева жана Ташполот Балтабаев өздөрү Ош аэропортунда туш болгон эреже бузуу фактыларын эске салышты.

«Ата Мекен» фракциясы Ош шаардык аэропортунда түзүлгөн кырдаал үчүн "«Манас» эл аралык аэропорту" ААК жетекчилигинин жоопкерчилигин карап чыгуу тууралуу өтүнүч менен КР Өкмөтүнө, ал эми Ош шаарынын аэропортунун директорунун ээлеген кызматына туура келээр-келбесин карап чыгуу тууралуу өтүнүч менен "«Манас» эл аралык аэропорту" ААК жетекчилигине кайрылууну чечти.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...