Акыркы макалалар

Кара жорго бийлеген робот

Кара жорго бийлеген робот

Бишкектеги Айчүрөк кыргыз-түрк кыздар лицейинде “Robot competition” аталыштагы роботтордун таймашы болду. Аталган таймашка лицейлерден 5 команда катышкан. Роботтор Япония жана Кореядан бөлүкчө боюнча алынып келинип, андан соң бул жактан чогултулуп, атайын программа жазылат. Компьютердик программа аркылуу команда берилип белгилүү бир кыймыл-аракеттерди жасайт. Ошол кыймыл-аракеттерге жараша бул роботтор бири-биринен айырмаланып, жөндөмү аныкталат.

Таймаш бүтүп калыстар тобу жыйынтык чыгаргыча роботтор өз өнөрлөрүн тартуулап көрсөтүштү. Айрыкча Бишкек кыргыз-түрк лицейинин “Кожомкул” аттуу роботу кадимки кара жорго бийин бийлеп көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Бекболот жана анын командасы кара жорго бийин интернеттен көрүп ошол кыймылдарды бул роботтун мээсине жазып койгон:

Бул роботтун аты Кожомкул. Биз 10-класстан бери бул иш менен алекпиз. Ютубду ачып ал жактан кара жорго бийинин кыймылдарын, роботко жаздырдык. Алгач кыйынчылыктар болду, жыгылып жатты. Бара-бара кемчиликтерди оңодук.

Ошентип уруш дагы соңуна чыгып, жеңүүчү болуп Оштон келген “Робосема” аттуу робот табылды. Ал эми роботко кыймыл киргизип урушка алып чыккан, “Ош Сема” лицейинин окуучусу Сагынбек Кенжебаев, роботтор оюнчук катары гана эсептелбеш керек, программисттер көбөйүп, фабрика заводдорубуз роботтошот деп үмүттөнөт:

Роботтордун ар кандай таймашын уюштурсак окуучулар, жарандарыбыз кызыгат. Азыр мындай роботтор аз санда гана болуп жатат. Мисалга Корея өлкөсүндө баардыгын бир жерге киргизип коюп уруштурат, ошондуктан дагы кызыктуурак болот. Азыр бул робот белгилүү кыймыл аракетти аткарып жатат. Чоң завод-фабрикаларда деле ушул роботтун чоңдорун жасасак болот. Азыр бизде андайлар жок, бирок келечекте программисттер чыгып ошого жетебиз деп үмүт кылам.

Азыр жаңы технологиянын доору. Ошол себептен мындай оюндардын уюштурулуп турушу жаштар үчүн жаңы идеяларга, жаңы багыттарга түрткү болот дейт, “Себат” билим берүү мекемесинин директору Нурлан Кудайбердиев:

Бул таймаш биринчи жолу өтүп жатат. Буюрса жыл сайын өтүп турат. Азыр дүйнөдө жаңы технологиянын заманы болуп жатпайбы, ошого байланыштуу жаштарды, окуучуларыбызды ушундай долбоорлорго кызыктырсак деп максат кылабыз. Ал эми келечекте чоң-чоң долбоорлор менен иш алып барса дейбиз. Бул жалпы республикага жайылат деп ойлойм.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...