Акыркы макалалар

Нарын шаарынын борбордук аянтына кореялык үлгүдөгү электр шам чырактары коюлууда

Нарын, 30-апрель /Күмөндөр Усупов-Кабар/. 29-апрель күнү Түштүк Кореянын Хвосунг шаарындагы Самжин (Samjin) аталыштагы ири компаниянын Президенти Гүн-Жа Ли мырза жетектеген ырасмий топ Нарын шаарына келишти. Меймандарды алгач Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев кабыл алып, өз ара аңгемелешүү жүргүзүлдү.

Түштүк Кореялык “KGB VISION Corporation” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы деректиринин кеңешчиси Гүлнара Усувалиева Самжин компаниясы 1987-жылы негизделгендигин, учурда ишкананын өндүрүштөрү АКШ, Жапония, Кытай, Словакияда иштеп жаткандыктарын, электр кубатын аз өлчөмдө cарптап, бирок узак убакытка чейин пайдаланылган электр шам чырактарынан сырткары компьютерлердин, телевизорлордун, чөнтөк телефондордун тетиктерин да чыгарышаарын белгиледи.

Натыйжада бул күнү меймандар ала келген 15 электр шам чырактары шаардын борбордук аянтына орнотула баштады.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...