Акыркы макалалар

Ош облусунда ажылыкты каттоо иштери башталды

Ош облусунда ажылык сапарына баруучулардын тизмесин каттоо иштери башталып, облустун бардык жети районунда ажылыкка каттоо жана тактоо жумуштары кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат катчысы Нургазы Каримов билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин №107-буйругуна ылайык быйылкы жылга ажылыкка баруучулардын тизмесин каттоо иши 25-апрелде саат 9:00дө башталып, 01-июнда саат 18:00 дө аяктайт.

Облус казысы Ниязали ажы Ариповдун буйругу менен казыятта ажылык иштерине атайын жооптуу адис дайындалып, облустун ар бир районунда да расмий жооптуу бирден адистер бекитилди. Бүгүнкү күндө казыяттан дайындалган жооптуу адис Ыйманалы Матраимов райондордогу ажылыкка жооптуу өкүлдөр менен биргеликте коомчулукка 2015-жылга ажылыкка баруучуларга коюлган талаптар, быйылкы жылы каралган өзгөчөлүктөр, мурунку жылы катталып, өтпөй калган жарандарга берилген мүмкүнчүлүктөр туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...