Акыркы макалалар

УКМК: Донбасстагы кыргызстандыктар тууралуу маалымат териштирилүүдө

Украинанын чыгышындагы жаңжалда орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөн кыргызстандыктар тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалыматка ээ эмес. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты. Мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, интернетке тараган тасма боюнча комитет териштирүү баштады.

Бүгүн интернетке Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөн Нурлан аттуу кыргызстандык тартылган кыска тасма тараган. YouTube сайтына “Жаңы Орусиянын каналы” жайгаштырган ал тасмада аскер кийимчен Нурлан аттуу адам өзү тууралуу айтып берет. Ал Кыргызстандан экенин жана “Кыргыз” деген лакап ысым менен орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөнүн баяндаган.

Ага чейин да бир кыргыз жараны “Азаттыкка” маек куруп, бир нече кыргызстандык Донбасстагы согушка катышып жүргөнүн айткан эле.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...