Акыркы макалалар

Диль: Токмоктогу кубаттуулугу 600 миң тонналык мунай заводу мунай өндүрүүгө даяр

Кечээ, 27-апрелде, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Валерий Диль "TH GROUP" түштүк-кореялык компаниянын президенти Ё Кён Кимбашында турган инвесторлор делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттун аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвесторлор Жалал-Абад мунайды кайра иштетүүчү заводго карата кызыгуусун билдирип, заводду жабдууга жана М-590 маркасындагы отунду өндүрүп чыгуу максатында ташып келүүлөрдү уюштуруу ниетин билдиришти.

Эскертсек, Казакстан жана Түркмөнстан ортосундагы келишимге ылайык Кыргызстанга мунайды алымсыз жеткирүү жөнүндө келишим бар.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу билдиргендей, өкмөт ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө даяр. Ошондой эле ал маалымдагандай, Токмок шаарындагы кубаттуулугу 600 миң тонналык мунай заводу мунай өндүрүүгө даяр.

"Тобокелдиктер эң төмөнкү чекке дейре жеткирилет. Кичи жана орто ГЭСтерди курууда өкмөт өз тарабынан электр энергиясын 6,2 центтен сатып алуу кепилдигин берет. Бул учурда долбоордун кайтарымдуулук мөөнөтү 5 жылга чейинки мезгилди түзөт. Белгилей кетчү нерсе, Корея жана Кыргызстан ортосунда инвестицияларды коргоо жөнүндө келишим бар. Бул маанилүү фактор",- деп белгиледи Валерий Диль.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча делегация кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу ниетин билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...