Акыркы макалалар

Каракол шаарынын жылуулук системасы жаңыртылат

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын райондорунда жылытуу тутуму жаӊыртылаарын шаардык жылуулук ишканасы маалымдайт. Каракол шаардык мэриясы Түштүк Кореянын инвесторлору менен шаардагы Восход жана Геология кичи райондорунун жылытуу тутумдарын оӊдоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Шаардын жылытуу тутумундагы жоготуулар учурда 75% пайызга барабар.

Инвесторлордун айтымында, сунуш кылынган отканалар автоматташтырылып, жумушчулар ыӊгайлуу, ак халат кийип, ден-соолукка зыяны тийбегидей шартта иштешмекчи. Ошондой эле от казандардын күлү көп чыкпастан, жылуулук энергиясын жоготуулар да аз болот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...