Акыркы макалалар

Непал: Зилзаладан мерт болгондордун саны 686га жетти

Непал: Зилзаладан мерт болгондордун саны 686га жетти

Непалда бүгүн катталган 7,9 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 686га жетти. Ошондой эле зилзала Индиянын чыгышы менен Бангладеште, Тибетте да болгон. Ал жакта да жабыркагандар жана каза болгондор бар экени айтылууда.

Жаратылыш кырсыгы бийик кабаттуу имараттары бар шаарларда хаос жаратты. Мындан сырткары Эверестте да кар көчкү түшкөнү кабарланды. Маалыматка ылайык, кар көчкү убагында бир канча альпинисттер бар болгон. Азырынча алар тууралуу так маалыматтар жок.

Непалда транспорт, электр энергия кызматтары токтоп, ооруканаларга адамдар батпай жатканы айтылууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...