Акыркы макалалар

Бишкекте китеп көгөзмөсү өтүүдө

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк Китеп күнүнө карата бүгүнтөн тарта Кыргызстанда китеп жумалыгы башталды. Аны Билим берүү жана илим министрлиги, ЮСАИД, ЮНИСЕФ жана Ага Хан фонду уюштурууда. Иш-чаранын алкагында шаршемби күнү Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин алдында жаңы чыккан китептердин көргөзмөсү өтөт.

Ошондой эле “Китепстан” көргөзмөсү уюштурулуп жатат, ага Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафи, элчиликке караштуу Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Али Кебрияизаде мырзалар да катышышты.

Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафи өз сөзүндө бүгүнкү мектеп окуучуларынан тартып, кары-картаңдарга чейин бирдей болуп эсептелген китеп майрамынын адамдардын жан-дүйнөсүн, аң-сезимин калыптандыруудагы орду жогору экенин белгилеп өттү.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...