Акыркы макалалар

Екатеринбургда Кыргызстандан учкан аскер учагы шашылыш кондурулду

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Урал борборунан маалымдашкандай, 21-апрелде "Кольцово" аэропортуна Кыргызстандан учуп барган аскер учагы чукул кырдаалда кондурулган. Колдо болгон маалыматка таянсак, анын бийиктик рулу иштебей калган.

Ил-76 учагы Кыргызстандагы "Кант" аскер аэропортунан Ульяновск аэропортуна учкан жана жолдон башкаруучу системасы бузулган.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.08де ал Екатеринбургдун "Кольцово" аэропортуна авариялык кырдаалда кондурулган. Учакты кондуруу иш-чарасына 42 киши жана ондогон техника катышкан. Жабыр тарткандар жок.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...