Акыркы макалалар

Башкы прокурорго Оторбаевге карата кылмыш ишин козгоо талабы менен кайрылышты

Мурдагы депутат жана "Ата Мекен" партиясынын экс-мүчөсү Эркин Алымбеков расмий түрдө өлкөнүн башкы көзөмөл органына өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевге карата кылмыш ишин козгоо боюнча кайрылды. Бул тууралуу мурдагы депутат кечээ, 22-апрелде "ВБ"га өзү маалымдады.

Өзүнүн мындай чечимге келишин Алымбеков Оторбаевдин "Кумтөр" маселеси боюнча министрлер кабинетинин натыйжасыз ишине байланыштуу деп түшүндүрдү.

"Бүгүнкү күнгө чейин өкмөт Centerra Gold Inc компаниясынын "жактоочусу" болуп келди, 50 жана 50 үлүшү боюнча ишкана түзүү тууралуу сүйлөшүүнү начар алып барды. Анын кесепетинен эң кымбат болгон үч жылды, эң үлкөн интеллектуалдык, институционалдык жана материалдык чыгымдарды жоготтук. Centerra боюнча консультанттарга мамлекеттик бюджеттен 3,5 миллион доллар төлөндү",-дейт ата-мекенчи.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...