Акыркы макалалар

Тажикстан айымдарына кара кийимдерди кийүүгө тыюу салынды

Тажикстан айымдарына кара кийимдерди кийүүгө тыюу салынды

Тажикстан айымдарына кара кийимдерди кийүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу News-Asia булагы жазууда.

Маалыматка ылайык Дүйшөнбү шаардык бийлиги аялдардын кара түстөгү кийимдерин улуттук маданият жана салтка ылайык эмес деген себептерди көргөзүп, сырттан ташууга жана тигүүлөрдү токтотууну чечти. Бул маселени Дүйшөнбү бийлигинин кеңейтилген жыйынында шаардын мэри Махмадсаид Убайдуллоев билдирди. Шаар мэринин буйругу менен тийешелүү бардык борбордук мекемелерге кара кийимдерди алып келүүгө тыюу салды. Буга кошумча базарлардан аялдардын кара кийимдерин сатыктан алынышы тапшырылды. Мындан мурда Нооруз майрамында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон активист аялдар менен жолугуп жатып, көпчүлүктүн кара кийим кийгендерине көңүл бурган. Өлкө лидери: "Биздин эл эч качан кара кийимдерди кие берчү эмес. Улуттук салтыбызга кара кийимдер туура келбейт. Баарыңар билгендей, аза күтүү учурунда да бир түстүү кара кийимдер кийиле бербейт", - деп айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, мындай абал Түркмөнстанда да болгон. Коңшу өлкөдө кара кийимдер менен кошо кара түстөгү автоунааларга да тыюу салынган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...