Акыркы макалалар

Жалал-Абаддын борбордук аянтына Wi-Fi орнотулду

Шаардын борбордук "Эркиндик" аянтында бүгүнтөн тарта акысыз Wi-Fi иштей баштады. "Кыргызтелеком" ишканасынын облустагы бөлүмүнүн жетекчиси Эгемкул Сабырканов "Азаттыкка" билдиргендей, аянттагы эс алуучулар үчүн 256 килобайт ылдамдыктагы интернет орнотулду жана келечекте анын ылдамдыгы дагы жогорулатылат.

Мындан сырткары, Сабыркановдун айтымында, интернет облустун айылдарына да жеткирилүүдө.

Жыл башында Кыргызстандын түндүк аймагынан түштүк жергесине жер алдынан байланыштырган 943 чакырымдык оптика-волокондук магистрал пайдаланууга берилген. Анын алкагында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы интернеттин ылдамдыгы 3,5 эсе тездей турганы айтылган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...