Акыркы макалалар

Жаш футболисттер Бүткүл дүйнөлүк турнирде 5-орунду ээлешти

Жаш футболисттер Бүткүл дүйнөлүк турнирде 5-орунду ээлешти

Кыргызстандын жаш футболчулары Сочиде өткөн Бүткүл дүйнөлүк турнирде 5-орунду ээлешти. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Турнирге 20 команда катышты. Алар 4 топко бөлүнүп оюн көрсөтүштү. Кыргызстандан барган команда , Түштүк Осетия, Сербия, Финляндия жана "Сочи-2" тобу менен бирге D тобунда ойношту.

Группалык жарышта кыргызстандык спортчулар Финляндияны (12:0), Сербияны (1:0) жана "Сочи-2" (2:1) командасын жеңип чыгышты. Бирок биринчи орун үчүн болгон жарышта топ 1:3 эсебинде Түштүк Осетиядан жеңилип калды.

Жарым финалга чыгуу үчүн спортчулар Россиянын командасы менен ат салышып, 2:3 эсебинде жеңилип калышкан. Бирок 5-орун үчүн Грециянын спортчулары менен болгон оюнда 7:0 эсебинде жеңип чыгышты.

Команданын курамында 2001-жылкы 7 оюнчу жана машыктыруучу бар.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...