Акыркы макалалар

Нарын шаарындагы аялдамалар жаңыланат

Нарын шаарындагы аялдамалар жаңыланат

Нарын шаарында аялдамаларды жандандыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз кызматынан маалымдашты.

Быйылкы 2015 -жылга карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган 200 миӊ сом акча каражатына шаардын РТС, МДС, Ак-Коргон аймактарына, Алма-Бак паркынын тушуна жана шаардык салык инспекциясынын маӊдайына болуп беш жерге аялдама орнотуу жагы пландалган.

Азыркы тапта үч жердин аялдамалары жаӊыртылып, калган эки аялдаманы коюу боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан сырткары, аларга жанаша салынган күркɵлɵр (камок, дүкɵн) алынып, ал эми Союз убагында салынган аялдамалардын бетон плиталары менен таштанды тɵгүүчү контейнерлердин тегеретеси тосулууда.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...