Акыркы макалалар

Ош шаарында суу кампаларынын курулушу жүрүп жатат

Ош шаарында суу кампаларынын курулушу жүрүп жатат

Калаада 6 миң куб метрлик эки суу кампа курулуп жатат. Ал шаардагы суу тартыштыгын жоюуга максатталып ишке ашырылууда. Алардын баасы 1 млн 800 миң сомго бааланган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, эки суу кампа калаа тургундарынын баарын суу менен камсыздай албагандыктан, кошумча дагы бир капма курууга берилген. Анын курулушуна 54.9 млн сом бөлүнгөн. Бийлик өкүлдөрү кошумчалагандай, аталган кампалар курулуп бүтсө шаарда суу тартыштыгы жаралбайт.

Учурда Ош калаасына 206 миң таза суу колдонуучу бар. Расмий эсеп боюнча шаарда 268 миңден ашуун адам жашайт. Мындан сырткары өндүрүштүк ишканаларда, тамактануучу жана унаа жуучу жайларда да таза суу көп керектелет. Ошондой эле кампалардын курулушу калаадагы жаан чачында суунун булганышын алдын алат.

Түп нускага шилтеме : www.yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...