Акыркы макалалар

Орус прессасы Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу жана мигранттар жөнүндө

“Дело№” гезитинин витринасында анонс кылынып сунулган “Орто Азия: Душман дарбазанын алдында... Коңшуларга ишенсе болобу? Кыргызстандын коопсуздугу тууралуу өтө зарыл” маеги, “бир нече себептерден улам атын атай албайбыз” деген адамдан алынып, ага “жакшы билим жана күч структуларында бай тажрыйба алган, кыргыз элетинин мекени үчүн күйгөн инсан” деген сыпаттар берилген.

“Кутум теориялары” (теория заговора) жанрында берилген маекте негизги душман АКШ да эмес, “заманбап трансулуттук корпорацияларды башкарган борбор. Ал жер планетасында хаос жаратууга аракеттенүүдө” деген, аты аталбаган каарман.

Кыргызстан жана анын коңшулары: Казахстан, Өзбекстан менен Тажикстан бири биринен эмес, аталган борбор тарабынан ар бири өз ичинен ыдыратылуудан коркушу керек, деген Дело №дун маектеши, ыдыратуучу факторлор катары: бул өлкөлөрдүн тек адамга байланган саясий системасы, бай жана кедей тайпаларынын бири биринен өтө узак болгондору, диний жана уруулук жиктешүү деп белгилеген.

Жерде хаос жаратууну максат кылган борбордун аракети таш кабуу үчүн ар бир өлкөдө кыргыздардай, башканын башына келген балээге сүйүнбөгөн эл, элдин баарысынын салттык исламды кармануусу керек деген маектеш, Казахстан менен Өзбекстан бизге коркунуч туудура албайт, тетирисинче алар “өздөрү биздин колдоо жана жардамыбызга муктаж” деп айткан.

ИШИМ (ирак жана шам ислам мамлекети) сыяктуу, алсыраган дене издеп жүргөн, вирустарга жигердүү муш бериш үчүн Борбор Азия мамлекеттери сөздө эле калбаган, чыныгы ЖАМААТТЫК коопсуздук системасын куруулары керек деген “Дело№” гезитинин каарманы “бир гана чечим бар – коңшулар, Орусия жана Кытай деген матадорлор менен биригүү”.

“Аргументы и Факты! (АИФ) бул жумадагы санында “Жумуш салгылашы. Ким жеңет?” жана “Келип алгандары аз келгенсип, калып калышты” деген, гезиттин бизнес бөлүмү даярдаган, эки макалада акыркы үч айда эле расмий эсепке алынган 142 миң жаңы ишсиз калгандар менен 104 миң каржысыз өргүүгө чыккандар катталган. Гезиттеги инфограммада 4,4 млн адам ишсиз экени көрсөтүлгөн.

Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Максим Топилин эң оор абал ири ишканалар жайгашкан шаарларда болуп жатканын айткан. “Кайда качыш керек” деген подтемада, жумушчулар жетишсиз болгон Архангельск, Калуга жана Липецк облустары, Камчатка, Чукотка, Магадан жана Красноярск менен Приморск крайлары сунушталган.

Чек арадагы тоскоолдуктар, орус полистеринин мигранттар жашаган батирлерди басуусу, Орусияда иштөөгө патент талап кылынуу, орус тилинен сынак тапшыруу, жумуш берген тараптын алдоосу келгиндерди токтото албай жатат, деп жазылган макаланын биринде. Мигранттар орусиялыктарды үй оңдоо рыногунан дагы сүрүп чыгарды, азыр коммуналдык чарбаны, келгиндердин жарым маянасын аймап жаткан, ортомчулардан арылтсак, орусиялыктар ал жерлерде иштегенге даяр экени айтылган.

Өндүрүш менен курулуштан мигранттарды сүрүп чыгаруу үчүн, жумуш бергендерге бир сааттык жумуштун эмгек акысын бекитип берип, кесипкөйлүгү жок “кулдарды” иштетүүнү пайдасыз кылып салыш керек, деп айткан эксперт Сергей Рыбальченко “түзүк акыга иштөөдөн орусиялыктар баш тартпайт” деген акыл берген.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...