Акыркы макалалар

Ошто 7 миңден ашуун шаар тургундарынын катышуусунда тынчтык маршы болду

Ошто 7 миңден ашуун шаар тургундарынын катышуусунда тынчтык маршы болду

Ош шаарында кечээ, 21-апрель күнү Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата 7 миңден ашуун шаар тургундарынын катышуусунда тынчтык маршы болду.Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Иш-чара алгач калаанын Ленин-Навои көчөлөрүнүн кесилишинен баштап, борбордук аянтка чейин жөө жүрүш менен башталды. Ага шаардагы бардык мекеме-ишканаларынын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери жана мугалимдери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышышты.

Андан соң тынчтык маршы Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен улантылды. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, Россия Федерациясы, Казакстан Республикасынын Оштогу консулдары, согуштун жана ооруктун ардагерлери, жана жөө жүрүштүн катышуучулары катышышты.

Тынчтык маршында калаа башчысы бүгүнкү бейпил турмушка согуштун катышууучуларынын салымы чоң экендигин белгиледи.

"Биз үчүн баа жеткис бейпил турмушту, тынчтыкты, алып келүү үчүн Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде Ош шаарынан 14 621 адам чакырылып, кан күйгөн согуш талаасында 3627 жердешибиз көз жумган. Согушта ата-бабаларыбыз канын төгүп жанын беришкен. Ошондуктан күндөн-күнгө саны азайып бара жаткан согуш ардагерлерине болгон урмат сыйыбыз чексиз", - деди Кадырбаев.

Андан соң, шаар мэри Белоруссиядан келген төш белгилерди ардагерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө тапшырды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...