Акыркы макалалар

Курманжан Датка тасмасы Тибурондогу эл аралык кинофестивалда кош сыйлыкка татыды

Курманжан Датка тасмасы Тибурондогу эл аралык кинофестивалда кош сыйлыкка татыды

Режиссёр Садык Шер-Нияздын Курманжан Датка тасмасы АКШнын Калифорния штатында өткөн эл аралык кинофестивалда кош сыйлыктын ээси болуп кайтты. Көрүүчүлөрдүн сыймыгына татыган тарыхый кино “Мыкты тасма” жана “Мыкты оператордук иш” номинацияларынын баш байгесин багындырган.

Аталган фестиваль апрель айынын 9нан 17сине чейин, 32 өлкөнүн катышуусунда өткөрүлгөн. Тасма аркылуу ошол элдин дүйнө таанымы жана маданиятын таанууга багытталган фестивальга көз карандысыз кинематографтар катышкан. Ошондой эле кинофестивальдын максаты маданий диалогду өркүндөтүү менен бирге чыгармачыл адамдардын талантын киноискусство аркылуу көрсөтүп, кинематографтардын бирдиктүү платформасын түзүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган тасма буга чейин дагы Эл аралык Евразия кинофестивалында да мыкты деп табылып, эң жакшы оператордук иши болсо Башкортстандагы эл аралык этникалык тасмалардын кинофестивалында мыкты деп табылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...