Акыркы макалалар

КҮН ТИЙГЕН ЖЕРДИН КҮКҮГҮ. Же адеп-ахлак маселеси тууралуу икая (Фельетон)

4.03.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Жалал-Абадда дайыма метаморфозалар болуп турат. Бул деген өзүбүздүн жалпак тил менен айтканда, адамдар эшекке, эшектер бүркүткө, бүркүттөр болсо ташбакага айланып турушат деген кеп. Кечээ эле асманда шаңшып учуп жүргөн «бүркүт» эртең эле «ташбакамын» деп кыбырап жүрсө, же мартабалуу карышкыр үйүрү болмоюн оокат кыла албаган чөбөрүгө (гиенага) айланып алса, оозуңан келмең түшөт. Биз ушул кубулма процессти азыркы КСДПнын камчысын берилгендик менен чаап, азыркы бийлик үчүн жанын да аябай аракет кылып жаткан Тилек Акамбаевдин мисалынан карап көрөлү. Бисмиллахир-рахманир-рахим!

Акаевдин алгыры Бакиевге кантип өткөн?

Кыргызстанды мурдагы советтик үч республика (Россия, Белоруссия, Украина) «таштап» жибергенден кийин, аргасыз эгемендик алып, өз оокатын кыла баштаганда Жалал-Абад областы кайра түптөлдү. Ошол кезде Тилек Акамбаев аттуу жаш жигит областтык мамлекеттик мүлк комитетинде бөлүм башы болуп иштеген. Билгендер анын кийинки бардык карьераларынын башталышы ошол жер болгон дешет. Себеби, ал кезде жапайы «прихватташтыруу» күч алып, не бир баалуу, нарктуу ишканалар, обьекттер ит бекер менчиктерге берилип кеткен. Алар жөн жерден эле ит бекер берилмек беле, себептери бар да. А себептер дайыма натыйжага айланып турат. «Жакшы себеп» - «жакшы натыйжа».

Андан кийин ал мамлекеттик башкаруу кызматтарына өткөн. Областта мамлекеттик мүлк фондун андан кийин антимонополия комитетин областтык жетектеди, президенттик аппарата иштеди, областын губернаторунун орун басары болду, Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп турду. Акаев доорунда анын ташы дамамат өйдө кулап келди. Бирок, 2005-жылы Акаевди Бакиев алмаштырып калбаспы.

Анан 2005-жылы 10-августта президенттин милдетин аткаруучу К. Бакиев №273-буйрукту чыгарып, Т. Акамбаевди Майлуу-Суу шаарынын мэринин кызматынан бошоткон. Акаевдик кадрлардын арасында ушундай жагымсыз көрүнүштөр орун алганы ырас, бирок алардын саясий жаны өтө бышык экенин да эске алалы.

Ал ортодо Т. Акамбаев эмне иш кылды, кимдер менен чайлашты, ал тууралуу бизде так маалымат жок. Бирок, ошол эле президент К. Бакиев 2006-жылы 15-мартта №73-буйругун чыгарып, Т. Акамбаевди Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясына башысы кылып дайындады. Көрдүңүзбү, «Бакиев үчүн!» деп ураан чакырып, революция жасагандар көчөдө калды да, Акаев доорунда бардык жагынан жетилген, анын бийлиги үчүн кызмат кылган Т. Акамбаев Кыргыз Республикасынын эң төрү болгон Биринчи май районун башкарып калды. Өлкө башчылары бул жерге өзүнүн ишеничтүү кол баласын гана башчылыкка дайындайт.

Т. Акамбаев ошентип майлуу-сүттүү, мартабалуу жерде иштеп калды. Анан Бакиевдин бийлигине нааразы болгон оппозиция ат тезегин кургатпай митинг өткөрүп туруп албады беле? Ошол эле Атамбаев, Текебаев, Отунбаева, Сариев, Бабанов, Бекназаров, Кулов жана башкалар элди көчөгө ээрчитип чыгып, ээлигип алышкан. Ошондо Т. Акамбаев алардын бул жоругуна нааразы болуп, өзүнүн «кожоюну» Бакиевдин тарабын жактап, көрүнгөн массалык маалымат каражаттарына оппозициянын шаарга келтирген зыянын айтып чыккан. Кала берсе Россиянын мартабалуу массалык маалымат каражаттары да Т. Акамбаевдин сөзүнө шилтеме берип, оппозиция борбордук аянтты булгап, шаарга 26 миң доллар, айрым маалыматтарга караганда 1 миллион сомдук зыян келтирди деп, Бакиевдин оппоненттерин шыбаган. Келтирилген зыянды төлөп беришсин, болбосо оппозиционерлерди сотко беребиз, деп омуроологон да ошол Т. Акамбаев эле. Анын тике айткан сөздөрү баары турат бадырайып, өчүп кеткен жок.

Ал күндөр да өтүп кетти. Оппозиция опоңдой берип чарчады, Бакиевге алы жетпеди. Тынч күндөр башталды, район акими Т. Акамбаев да тынч иштеп калды. Бирок, күндөрдүн биринде президент К. Бакиев эртең менен жумушка келатып, шаардын кооз аймактарына келгенде токтойт да, жөө кыдырып жөнөйт. Анан Биринчи май районунун, өлкөнүн башкы калаасынын эң мактанган жайларынын акыр-чикирге толуп, беймаза абалда калганын көрөт да, жанындагы жөкөрлөрү Арстанбек Ногоев менен Медет Садыркуловго тап берет. Ишенген акамбаевдери эмне менен алек болуп жатканы түшүнүктүү болот. Ошентип, Т. Акамбаев К. Бакиев учурунда экинчи жолу кызматтан кетет. Ал ошол кездерде телевизордон, гезиттерден түшпөй, кылган иштери менен мактана бергени да өлкө башчысына жага бербей калгандыр да.

Анан дарбызы колтугунан түшкөн Т. Акамбаев кантип да болсо кайра кызматтык жоргого минүү аракетин жасай баштайт. Ошол кезде бакиевчилер бийликте саясий туруктуулукту камсыз кылуу үчүн «Ак жол» партиясын түптөп калышат. Мурда Акаевдин линиясын, кызыкчылыгын көздөгөн бир партиянын мүчөсү болуп жүргөн Т. Акамбаев дароо тонун алмаштырып (же байрагын алмаштырып десе туура болобу?), бул партияга өтө калат. Кечээги Биринчи май районун таштандыга толтурган жигит К. Бакиев башында турган саясий элитанын - «Ак жол» партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү болот. Ошол К. Бакиев жеке өзү жактырган, саясий жактан ишенимдүү делген 35 кишинин бири болуп калат.

Эмне үчүн башкалар болбой, Т. Акамбаев болуп калды? Неге ал жакында эле кызматынан алынса да, Бакиевдин партиялык-саясий соратниги болуп калды? – деген суроолор чыкпай койбойт. Ага биз бул жигиттин сүйгүнчүктүү экени менен гана жооп узата алабыз. Башка кишиден өзгөчөлөнгөн деле жери жок болчу.

Анан партиялык тизме менен Жогорку Кеңешке шайлоо болуп калды, Т. Акамбаев да жакын адамы, шилекей алышып кеткен ашынасы Ахмат Бакиевдин жардамы, колдоосу (сүйгүнчүк болсо анан…) менен тизмеге илешет. Тизме саны боюнча ал 78-орунда турат. Ошол кездеги акжолчулардын эсебинде ал деле Жогорку Кеңешке баш багып калышы керек эле. Бирок, шайлоонун жыйынтыгында ал илешпей, резервде калды. Же кызматтан жок, же депутаттан жок, Т. Акамбаев кыйла сыгылып жүрдү.

Ошол кезде Жалал-Абад шаарынын мэри Дүйшөналы Мамасалиев кызматтан алынып калды. Д. Мамасалиевдин ошол кезде областты башкарып турган, Ахмат Бакиевдин «короосун шыпырып», анын айтканы менен иш туткан, губернаторлук кезинде арыдан-бери Таластагы «вилласын» куруп бүтүрө салган Искендербек Айдаралиев менен мамилеси келишпей калган эле. Себеби, Д. Мамасалиевдин учурунда Жалал-Абад шаары укмуштай өзгөрүп, келбети башкача болуп чыга келген. Д. Мамасалиев иштеген, И. Айдаралиев отчет берген.

Анын ордуна камыгып, кылар айласын таппай калган Т. Акамбаевди алып келишти. Анан эмне болду? Көп өтпөй жергиликтүү областтык гезитте Жалал-Абад шаарында тазалык маселеси боюнча сын материалдар чыга баштады. Шаардын борбордук көчөлөрүндө, аянттарында таштандылар көбөйүп, мурдагы таза акыбал калбай бараткан. Ошонун натыйжасында Т. Акамбаев менен областтык гезиттин жетекчилигинин ортосунда конфликт түзүлүп, маселе областтын губернатору Кошбай Масировго да жеткен. Област жетекчиси журналисттердин тарабын алып, Т. Акамбаевге сынга туура мамиле жасоону табыштаган. Ал эми областтык гезиттин жамааты журналисттер күнүнө арналган шаар мэриясынын салтанатына баруудан, алардын берген белектерин алуудан да баш тартышкан. Көрсө, К. Бакиев аны Биринчи май районунун акиминен бекер жерден алып салган эмес турбайбы?

Жалал-Абадда «Ак жол» партиясынын не бир масштабдуу жана салтанаттуу иш-чаралары өтпөдү, ошонун негизги чордонунда Т. Акамбаев турган, себеби шаар жетекчиси гана эмес, ал деген Бакиевдердин да ишенген кишиси, партиянын негизги туу көтөрүп жүрчүлөрүнөн эле.

«Ак жол» партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү катары ал массалык маалымат каражаттарына маектерди берип, партиянын атынан не бир кептерди чубуртпаган. Ошондой бир маегинде ал айтып турат: «Бул партиянын жаралышына негиздер бар болчу. Жер-жерлерде эл үзгүлтүксүз митингдерден, башаламандыктан тажап, качан тынч жашоо болот деп күткөн болчу. Биздин кыймылдын жана партиянын негизин ошондой ойдогу адамдар түзөт. Ошондуктан жер-жерлерде бөлүмдөрдү ачууда кыйынчылыктар болбойт го, себеби бизди колдогондор көп» (http://newskg.narod.ru). Көрдүңүзбү, оппозициянын, ошол кездеги Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдердин митингдеринен тажадык, биз алардан башкача адамдарбыз маанисинде кеп козгоп жатат. Себеби, өзү нукура бакиевчи, акжолчу болсо кантмек эле.

Бакиевдердин бийликтен кетишине айрым кадрлардын дайындалышы көп таасир этти. Мисалы, өкмөт башчылыгына Данияр Үсөновдун келиши нааразылыктарды кошо жараткан. Бирок, К. Бакиев өзү муну туптуура деп эле балаган да. Бул маселеде Т. Акамбаев кайсы позицияда турган? Карап көрөлүчү. Тээ 2009-жылдын 13-январында «Азаттык» радиосуна берген маегинде Т. Акамбаев Д. Үсөновду жактаганын жашырган эмес: «Назначение Д. Усенова руководителем президентской администрации Кыргызстана нужно рассматривать в контексте глобальной политики. Д. Усенов имеет большой опыт управления экономическими процессами, что очень актуально для Кыргызстана в условиях мирового финансового кризиса. Об этом в интервью «Азаттык» заявил сегодня мэр г. Джалал-Абада Тилек Акамбаев. По мнению мэра, все большее назначение на руководящие должности в Кыргызстане представителей русскоязычной диаспоры связано с отношением к России как приоритетного партнера». Андан мурда А. Атамбаев өкмөт башчы болгондо ал тууралуу жакшы пикир айтканбы? Албетте, айткан эмес.

Мына ушул жогоруда көрсөтүлгөн фактылар Т. Акамбаевдин нукура бакиевчи экенин, анын саясатын жүргүзүүдө алдыңкы катарда турганын, ошону үчүн жакшы кызматтарды, жогорку саясий статусту ээлеп турганын далилдеп турат.

Т. Акамбаев кантип атамбаевчи болду?

Өлкөдө бийликке элдин нааразылыгы күчөп, акыры 2010-жылдагы апрель руволюциясы келип чыкты. Бакиевдер чет жакка качып, кечээки оппозиция бийликке келди. Ал эми Убактылуу өкмөт Бакиевдин кадрларын бир четинен кызматтан бошотуп, өзүнө караштууларды дайындады. 2010-жылдын 27-апрелинде Убактылуу өкмөттүн башчысы Р. Отунбаеванын буйругу менен Т. Акамбаев шаар мэрлигинен бошотулду.

Анан жай өттү, күз өттү, Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Кийинки жылы президенттик шайлоого даярдык башталды. «Биздин» бакиевчилер, акжолчулар эски («эчки» деп жазылып кетти эле оңдоп койдум) тонун чечип, жаңы чепкен кийине башташты. Т. Акамбаев да бул убакта өзүн бакиевдерден, акжолдон тазалап (кандай ритуалдарды колдонгонун билбейбиз) президенттик шайлоодо А. Атамбаевдин талапкерлиги үчүн жакшылап иштеп берди. Кийинчерээк ал тууралуу маалыматтарда КСДПнын мүчөсү экени көрүнө баштады.

Кээде эмне үчүн Т. Акамбаев башка талапкерди, башка партияны тандап албаганын сурап калышат. Чынында эле эмне үчүн? Канткен менен Т. Акамбаев акыл-эсин жоготпогон, мурдунун жыт билүү функциясы жакшы иштеп турган, прагматикалык баалуулуктардан адашпаган жигит да. Эң башкысы акылынан айнып калган эмес. «Акылынан айныгандар» идеялар, системалар, элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшүп, акмак болуп жүрүшөт. Туура жолду тандоо жагынан Т. Акамбаев эч кимге камчы салдырбайт.

Ошентип, кечээки Акамбаев менен азыркы Акамбаев таптакыр эки башка киши болуп чыга келди. Кечээ бакиевчи эле, бүгүн атамбаевчи. Кечээ акжолчу эле, бүгүн КСДПчы. Экөө тең эки башка мезгилде өлкө башчысы болду, эки партияда да башкаруучу партия. Өлкө башчылар «өлүүдө», башкаруучу партиялар «өлүүдө», бирок Т. Акамбаев дайыма бар!

Кийинки мезгилдерде Жалал-Абад шаарында жүргөн шаардык кеңештин шайлоолорунда Т. Акамбаев бийликте турган КСДП үчүн канчалык берилип иштегенин эл көрдү. Негизги атаандаш боло турган «Өнүгүү» партиясынын огородуна, мурда шаар мэри болуп турган жаш жетекчи Б. Адыловдун дарегине эмне деген гана таштар атылбады. Эмне деген гана ушак-айыңдар таркатылбады. Кала берсе, элдин колун жыйнап, кечээки өзү менен чогуу иштегендердин үстүнөн мамлекеттик органдарга не бир каттар жазылбады. Акыры кылмыш иши козголуп, азырынча бир киши абакка да алынды. Мына ушунун баары бир гана максатта – бийликти КСДПга алуу үчүн, аны үчүн атаандашты болушунча каралоо керек эле. А бирок башка партиялар, атаандаштар мындай жол менен эмес, мыйзамдуу, маданияттуу жол менен эле иш алып барышты.

Интернет-сайттар, айрым массалык маалымат каражаттары Т. Акамбаев бийликтин адамы, бийлик партиясынын партайгонессеси болуп алып, акылга, мыйзамга сыйбаган иштерди жасап жатканын дуулдата жазып жатышты. «Фабула» гезитинде Т. Акамбаев «Бизге (демек КСДПга – автор) коркок өзбектер жана момун кыргыздар добуш берет» деген сөзү үчүн сындалып чыккан. Анын мактанчаактыгын жана башка партияларды улутчул-фашисттик («Ата-Журт» партиясы болсо керек – автор) деп эсептегенин да сындаган. Бул маалымат башка да маалымат булактары аркылуу таркатылган.

Ошол кездерде «Ачык саясат» жана «Жаңы ордо» гезиттери өздөрүнүн электрондук дарегине ошол кездеги шаар мэри Бакыт Адыловду каралаган анонимдүү кат келип түшкөнүн жазып чыгышкан. Гезиттер Б. Адыловдун мыкты жактарын санап, бул каттарды бийлик үчүн жулунуп жаткан атаандаш КСДП партиясы гана жөнөткөнүнө ишенип турушканын жашырышкан эмес. Кала берсе Бишкектеги гезиттердин журналисттери да Жалал-Абадда кимдин-ким экенин жакшы билишет экен. Ошону үчүн алар «Кечээки акжолчулар – бүгүнкү КСДПылар» деген аталыштагы материалдарын жарыялашкан, анда Т. Акамбаевдин аты-жөнү бадырайып жазылып турат.

Бирок, шайлоонун жыйынтыгы чыгып, шайтан оюндарга карабастан «Өнүгүү» партиясы 31 мандаттын 15ин алды, шаардыктар кимдин-ким экенин тааный турганын көрсөтүштү. КСДП менен «Ата-Журт» араң 8ден добуш алып калышты. Бирок, утулгандар түпкөтөрө шайлоону бузуш үчүн арызданганга өтүштү, бирок шайлоо комиссиялары так иштегени үчүн анын жыйынтыгы адал болуп чыкты.

Эң кызыгы – КСДПчылар лидери бийликтин запкысын тартып абакта отурган, өздөрүнүн идеялык душмандары болгон «Ата-Журт» партиясынын Жалал-Абаддагы чоролорунун баштарын айландырып, өздөрүнө коалицияга кошуп алышты. «Ата-Журт» партиясы Жалал-Абад шаарында КСДПга бийликти алып берди, шаар мэри КСДП партиясынан болуп калды. Албетте, мында Т. Акамбаевдин эмгегин баса көрсөтүп кетүү ашыкча болбойт.

Кепти Жалал-Абад шаарынын тургуну Турсуналы ажы Үсөнов аксакалдын «Ачык саясат» гезитине жарыяланган президент А. Атамбаевге кайрылуусунан үзүндү менен аяктайлы. Ал президентке минтип кайрылат: «КСДП партиясынын камчысын чаап жүргөн Тилек Акамбаев Сизге кирип Жалал-Абад элин КСДП партиясына ынандырып берем деп, элди ынандыра албай Тилек мырза ар кандай дооматтарды айтып, өзүн актап жатканы тууралуу да айтылууда. Тилек Акамбаев мурдагы экс-мэр катары учурунда кол астында иштегендерди “КСДП партиясына иштебесеңер жумуштан кетесиңер” деген коркутуулары мобилдик телефондорго да жазылып, колдон колго өтүүдө. Менин оюмча мындай кошоматчылар кайрадан бийликке келишсе, мамлекетти өнүктүрбөстөн, мындан ары да сазга тыгып, мамлекетибиз тонолуп, талкаланат. Ошондуктан, Сизден суранаарым, партиялаштарыңызга кайрылып, туура кеңештерди берип, Сизге ишенген элдин үмүтүн талкалап албастан таза сактасак, мамлекетибиз өнүгөт деп ишенем».

Корутунду

Азыр Т. Акамбаев азыркы бийликтердин, КСДП партиясынын алдында жакшы кызмат кылып берди. КСДП шайлоодо аз добуш, аз мандат алса да, Ата-Журт» партиясынын колдоосу менен шаар бийлигин колго алды. Ошентип, бийлик башындагыларга өзүнүн кандай «герой» экенин көрсөттү.

Ошол эле кезде Т. Акамбаев улам бийлик жаңыра берсе, улам башка саясий чепкен жамына берерлигин да көрсөттү. Убакыт өтөт, коом өзгөрөт, өлкөнү башка кишилер, башка партиялар башкарып калат. Ошондо да Т. Акамбаев ошолордун сабында туруп, ошолордун чоорун тартып калышы толук мүмкүн.

Бирок, карапайым калк, абийирин сактаган, өз жолунда, өз жашоосунда улам өзгөрө бербеген, бир позицияны, бир баалуулукту туу туткан ахлактуу атуулдар эч нерседен утулушпайт. Улам позициясын алмаштыра берген Т. Акамбаев да утулбайт. Утулса ошол Т. Акамбаев сыяктууларга ишенгендер, ага жөлөнгөндөр гана утулушу мүмкүн.

Элибизге, момун кишилерге, мансаптууларга да Кудай жакшы адеп-ахлак берсин! Эч качан адамдар эшекке, эшектер бүткүткө, а бүркүттөр ташбакага айланып кетишпесин!

Жалил САПАРОВ,

журналист.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...