Акыркы макалалар

Бекмамат МАМАСЫДЫКОВ: «МЕН КСДПнын ЭМЕС, «АТА-ЖУРТ» ПАРТИЯСЫНЫН ГАНА ИДЕЯЛАРЫН КОЛДОЙМ»

4.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Жалал-Абадда бир кызыктай иштер болуп жатат. Башкасын кой, «Ата-Журт» партиясынын мүчөсү, шаардык кеңештин депутаты башка партиянын түзгөн коалициялык түзүмүнө кирип кетти. Анын себебин билбей башы маң болгондор толтура. Ошонун себебин тактап, окурман калкына так маалымат жеткирип коюу максатында Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Бекмамат Мамасыдыковго бир нече суроолор менен кайрылдык.

-Сиз эмне үчүн ушул «Ата-Журт» партияны тандап алдыңыз? Анын эмнеси жакты: идеясыбы, багыттарыбы же кайсы бир аракеттериби?

-Мунун себеби жөнөкөй эле: 2011-жылы эле, бийлик алмашкандан кийин президенттик шайлоо болуп, саясий күрөш башталып калды. Мага К. Ташиевдин штабынан кишилер чыгып, партиянын Акман айыл округунда координатору болуп иштеп бер деген сунуш түшкөн эле. Мен макул болдум, бул партиянын талапкелери үчүн деп эл арасында иштеп бердим. Акман айыл округундагы натыйжа жаман болбоду. Мурда бул айылдын өзүнөн чыккан бир саясатчынын партиясына деле эл болгону 5 пайыз добуш берген болсо, президенттик шайлоодо Ташиевге элдин 60 пайызы добуш берген. Анан кийинки жылы дагы мага жалпы район боюнча координатор болуп иштеп бериңиз деген сунуш түштү. Айыл округдарындагы координаторлор жалпы колдоп, ал жерде дагы эле райондук координатор болуп иштеп келатам. Мен ушул партияга, анын лидери К. Ташиевге, ага жөлөк-таяк болуп иштеген бизге да ишенгени, колдоп бергени үчүн жалпы шайлоочуларга ушул күнгө чейин ыраазымын. Болгон таржымал ушул, мен мурда да К. Ташиевдин эл үчүн кылган аракетин жактырып келгенмин, ага ишенип келгенмин, ошону үчүн мындай олуттуу сунуштарды четке какпай, кайра туура көрүп, кабыл алганмын.

-Анан эле өткөн жылы Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо өзүңүз талапкер катары чыктыңыз. Бул да кокусунан болбосо керек?

-Жок, кокусунан эмес. Ырас, өткөн жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоодо мен депутаттыкка талапкер катары чыктым. Партия өзүнүн тизмесине мени да кошушту, ишеним билдиришти. Шайлоо да өттү, «Ата-Журт» партиясынан өткөн сегиз депутаттын бири болуп, эми эл кызматына өттүк. Буюрса, шаардын өнүгүшү, улам кийинки кездерде алга өсө бериши үчүн жакшы кызмат кылып берели деген ойлор бар. Эмнеси болсо да бул өлкөдөгү үчүнчү шаар, маанилүү аймак эсептелет.

-Бирок, эмне үчүн сиз шаардын мэрин шайлоодо өзүңүздүн партия – «Ата-Журт» партиясынын шаардагы штабынын позициясынан кетип, «+нүгүү» саясий партиясын кармандыңыз да, ошол партия түзгөн «Биримдик» коалициясына кирип алдыңыз? КСДП менен «Ата-Журт» партиясы түзгөн «Ак ниет» коалициясына кошулбаган себеп эмне?

-Мен чындап эле К. Ташиевдин мекенчил, эл десе, жер десе ак жүрөк аракет кылып, кылган иштерин, максаттарын баалап келем. Ошол эле 2010-жылы июнь коогалаңында анын эл үчүн, элдин намысы үчүн, жалпы тынчтык үчүн жасаган иштерин, каармандыгын Ош, Жалал-Абад эли жакшы билет жана унутпайт деп ойлойм. Калгандары муну билбейт экен жана билгиси да келбейт окшойт. Анын элдин тынчтыгы үчүн кошкон салымы ат көтөргүс, ошол кезде түштүк аймагы гана эмес, менимче жалпы өлкөдө, Фергана өрөөнүндө чоң кан төгүүнү, чоң тополоңду болтурбай калды. Анын мындай эрдигин канткен менен баалаш керек да. Анан К. Ташиев өзүнүн алдыга койгон максаты үчүн жолдон тайбаган жигит экен, ушул күнгө чейин июнь коогалаңына себеп болгон саясий күчтөр буга жооп бериши керек, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эл алдында жооп беришсин деп келет. Ар бир парламент жыйынында, эл менен жолугушууларда, башка да жайларда ушул талабын таштаган жок, дайыма көлдөлөң коюп келди. Анан өткөндө Кумтөр тууралуу митингде да өзүнүн элдик адам экенин көргөзүп, дагы эле элге каршы аракеттерге күнөөлүүлөр жооп беришин айтып чыкты. Башка депутаттар чыкпай отуруп алганда, ал чыгып, элге карата, бийликтерге карата өзүнүн сөзүн айтты. Акыры ошентип отуруп, кечээки Убактылуу деп аталган, азыркы кезде өзүн мыйзамдуу деп эсептеген бийлик аны камап тынды. Азыркы бийликтин башы ошол Убактылуу бийликтин өзү да, А. Атамбаев баш болуп отурушат. Ошол камакта отурса да К. Ташиев сөзүнөн, максатынан, идеяларынан кайтпай, дагы эле бийликтердин безине сайып сүйлөп жатат. Ал өзү бирөөгө зыян келтирген киши эмес, болгону чындык үчүн, эл үчүн деп эле кыйынчылыктарга кабылып калып жүрөт.

Анан да, бул партиянын алдыга койгон максаттарын да сыйлайм жана ошону туу тутам деп эсептеймин. Себеби, ар бир партиянын, ар бир саясий уюмдун өзүнө гана тиешелүү максаттары, багыты, баалуулугу бар да, ошону баары сыйлашы керек. Мен ушул идеяларды да колдодум, ошону үчүн ушул партияда жүрөм, ушул партиядан депутат болдум.

-Кептин баары сиз шаардын мэрин шайлоого келгенде өзүңүздүн партиялаштарыңыздын катарынан чыгып, башка партиянын позициясын карманганыңызда болуп жатат. Эмне үчүн ушундай болду? Муну эмне менен түшүндүрөсүз?

-Ал туура, мен «Өнүгүү» саясий партиясынын түзгөн «Биримдик» азчылык коалициясына кошулдум. Бирок, бул менин «+нүгүү» партиясынын идеялары, максаттары үчүн күрөшөт дегенди билдирбейт, же «Ата-Журт» партиясынын идеяларына каршы туруп калды дегенди да билдирбейт. Кеп таптакыр башкада болуп жатат. Мунун себеби мындай: «Ата-Журт» фракциясы шайлоодон кийин КСДП партиясы менен коалиция түзөбүз деп калышты. Мен дароо бирдеме дей албай, ойлонуп калдым. Ал убакта айылдагы координаторлор мага телефон чалышып, «Эмнеге КСДПга кошулган атасыңар?» деп сурап калышты. Мен кантсе да эки жыл катары менен райондо партиянын координатору болуп, ал жактагыларды бул партияга үндөп, анын идеяларын таратып жүрдүм. Дайыма керек болгондо элди митинге келе бергиле деп, аларга азыркы акыбалды түшүндүрүп, азыркы бийликтер шайлоону туура эмес өткөрүшкөнүн, бардык жерде административдик ресурстарды колдонушканын, анан К. Ташиевди да жок жерден айыптап, камап отурушканын айтып, элди ээрчитип жүрдүм. Бийликтерди катуу сындаганбыз, алардын аракеттерин айпытаганбыз. Канча митингдерди өткөрдүк, жолдорду тостук, коркутуу-үркүтүүлөргө карабадык. Эл бизге ишенди, партияга ишенди, өзүн да ойлобой колдоп берди. Ал эми ал бийликтин башында КСДП, анын лидери А. Атамбаев жана башкалар отурушат. Муну азыр жаш бала да билет. Анан ошол бийлик К. Ташиевдин миңдеген тарапкерлерин угуп койдубу? Кулак салдыбы? Элге карап да койгон жок, жыйынтык чыкпады. Текскерисинче, бийлик өз жыйынтыгын чыгаруу үчүн аракет кылууда, аны көрүп-билип турабыз. Анан мен айылдагылар менен кеңешип, ушундай жыйынтыкка келдим. Ташиевдин идеялары, партиянын идеялары таптакыр башка болсо, кантип биз КСДПга кошулабыз? Ушул суроону «Ата-Журт» партиясынын шаардык штабындагыларга да койдум, алардын бирөөсү да буга жооп бере алышпады. Анда мен бул чечимге кошула албастыгымды билдирдим. Анан, албетте, жаңжалдар болду, мени кысымга алып көрүштү, бирок мен көшөрүп койдум. Анан «+нүгүү» партиясынан шайланган депутаттар коалиция түзүшкөндө ага кошулдум. Азыр мен эркин депутатмын, өзүмдүн депутаттык милдеттеримди эркин аткара берем. Эң башкысы, мен партиянын идеяларын, максаттарын, ушул кезге чейинки бизге болгон элдин ишенимин саткан жокмун, эл алдында, партия алдында абийирим башкаларга караганда таза.

-Андан кийин КСДП жана «Ата-Журт» партиясынын тарапкерлери тарабынан силерге кысым болгон жокпу?

-Албетте, болбой койгон жок. Ар кандай сөздөрдү айтышты, моралдык жактан кысым жасалды. Түрткүлөшүп да көрдүк, артыман 20дай жаш жигиттер менин иштеп отурган жериме да барышты. Кыйла иштер болду, анын баарын айтып отуруунун кажети жок деп ойлойм. Дагы эле болуп жатат. Бирок, мен аларга К. Ташиевдин идеясын, партиянын идеясын таштай албайм, ошол жагындамын деп гана жооп бердим.

-Эми ушунча болуптур, сиз «Ата-Журт» партиясында кала бересизби? Партиянын идеяларын колдой бересизби?

-Менде башка максаттар жок. Ошол эле пикирде, идеяда турам азыр. Мен аларга да ачык айттым, Ташиевге дагы да элдин жардамы, колдоосу көп керек болот, дагы да алдыда көп иштер бар, көп максаттар бар, туура эмес болуп жатат дедим. Бирок, алар буга унчугушпайт. Азырынча фракцияда жалгыз болсо да партиянын идеясы деп турам.

-Азыр Ташиев баш болгон партия лидерлери камакта отурушат. Сиз кандай ойдосуз: аларды чыгарышабы же соттошобу? Эмне божомол айта аласыз?

-Бул саясий заказ! Анын жыйынтыгы да саясий чечим менен бүтөт. Бул Ташиевге каршы болуп жаткан сот акыйкаттык менен бүтпөйт.

Жалил САПАРОВ,

Жалал-Абад шаары.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...