Акыркы макалалар

Тажикстандык эксперт: акча алмаштыруу жайларын жабуу көйгөйдү чечпейт

Тажикстандык эксперт: акча алмаштыруу жайларын жабуу көйгөйдү чечпейт

Ал арада Кыргызстандын Улуттук Банкы өлкөнүн аймагындагы акча алмаштыруу жайларынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелеп жатат.

Акча алмаштыруучу жайларды жабуу экономикалык абалды кыйындаткандан башка эч нерсе алып келбейт деп билдирди Sputnik маалымат сайтына Тажикстандык экономист, "Эркин рынок" уюмунун төрагасы Константин Бондаренко.

Тажикстанда17-апрелде 800гө жакын акча алмаштыруучу жайлар жабылып, иши токтогон. Ал арада Кыргызстандын Улуттук Банкы да акча алмаштыруучу жайларды жабуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген. Мунун себебин Улуттук Банк "акча алмаштырган менчик жайлардын пайданы артынан түшүп алган кызыл кулактык чабуулдарынын" айынан келип чыкты деп түшүндүрдү.

Бондаренконун айтымында, акча алмаштыруучу жайларды жабуу — Тажикстандын Улуттук Банкында резервдердин жоктугунан улам келип чыкты. Андыктан, ал Тажикстандын улуттук валютасы — сомонинин курсун турукташтырууга интервенция кылууга кубаты жетпей жатат деген пикирин билдирди.

"Акча алмаштыруучу жайларды жабуу көйгөйдү чечпейт. Долларга болгон суроо-талап улана берет. Бизнесмендер чет өлкөдөн товарларды да сатып алышы керек. Эгерде коммерциялык банктар чет элдик валютага болгон суроо-талапты канаааттандыра албаса, аны кызыл кулактык кылгандар жасашат", — деп айтты Тажиктстанадагы абал боюнча пикирин билдирген адис.

Андан сырткары көмүскө валюта рыногунда акча алмаштыруу жайларды жабуу өзү менен кошо кесепеттерди алып келет, салык төлөмдөрүнүн кыскарышы өлкө бюджетине терс таасирин тийгизет.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...