Акыркы макалалар

Биометрикалык маалыматты калктын 66 пайызы өздүк маалыматтарын тапшырды

17-апрелде биометрикалык маалымат чогултуу ишинин жүрүшү боюнча КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев жыйын өткөрдү. Жыйында өкмөт жетекчиси 2,5 миллион адам өздүк маалыматын тапшырганын жана бул биометрикалык маалымат тапшырууга жашы жеткен жарандардын 66 пайызын түзөрүн билдирди. Ошондой эле аталган маалымат топтоонун коопсуздугу, сапаты тууралуу талкуу болгонун өкмөттөн билдиришти. Жыйынтыгында Бишкек шаары, Чүй облусу жана чет өлкөдө жашаган жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө быйыл боло турчу парламенттик шайлоого чейин жарандардын өздүк маалыматтарын чогултуп бүтүүнү тапшырган эле.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...