Акыркы макалалар

Аскат Эрбаев: “Тай-Цзи-Цюань- бул жан дүйнөнүн илими”

Аскат Эрбаев: “Тай-Цзи-Цюань- бул жан дүйнөнүн илими”

Учурда өлкөбүздө каратэ, самбо, кикбокс, таэквон-до өңдүү спорттор кеңири таралууда. Арасында өзүнүн уникалдуулугу, татаалдыгы жана сырдуулугу менен айырмаланган Тай-Цзи Цюань өнөрүнө кызыккандар да аз эмес. Дал ушул өнөрдүн ээси, көп жылдан бери өзүнүн шакирттерин тарбиялап келе жаткан көрүнүктүү актёр, режиссёр, көп кырдуу талант Аскат Эрбаев менен маектештик.

-Саламатсызбы Аскат мырза, Тай-Цзи өнөрү тууралуу жалпы маалымат бере кетсеңиз?

-Саламатчылык, Тай-Цзи-Цюань бул Кытай элинин ден-соолукту чыңдоочу гимнастикасы жана ошол эле мезгилде жоокердик өнөрү болуп саналат. “Тай-Цзи” сөзү кыргызча “Улуу чектин муштуму” деп которулат жана бардык жоокердик өнөрлөрдүн жогорку чегинде тургандыгы айтылып келет. Кытайда адамдар таң эрте саат 5-7ге чейин көчөлөрдө, парктарда, ар кандай аянтчаларда Тай-Цзи көнүгүүлөрүн жасашып, сергек өмүр сүрүүгө аракет кылышат.

-Канча жылдан бери машыгасыз жана дал ушул спорттун түрү менен алектенүүӊүзгө эмне себеп болду?

-Кичинекей чагымда эле спортко абдан кызыкчумун. Кинолордогу мушташкан каармандардын кыймылын туурап, өз алдымча машыга берчүмүн. Эми айылда атайын машыктыруучу жок да, кийин мектепти аяктап шаарга келгенде көптөгөн залдарга бардым. Кигбокс менен машыгып жүрүп, кийин 2001-жылы Тай-Цзинин залына келип калдым. Ушул өнөр эмнегедир менин жан дүйнөмө жакын болду жана азыркы күнгө чейин сырларын үйрөнүүгө ашыгып келем.

-Эл арасында сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, айрымдар бул спортту бий десе, ал эми кээ бир адамдар дин катары кабыл алышат экен. Динге тиешеси барбы?

-Негизи Тай-Цзи адамдын ички дүйнөсүн байыта турган, жан дүйнөнүн илими деп койсок болот. Кыймылдары бийге окшош болгону менен мушташта абдан катуу болот. Кытайда улуу устаттар бул өнөрдү “Кебезге оролгон темир” деп да атап коюшат. Жогоруда айткандай эле Тай-Цзиде медитация деген түшүнүк бар, ал адамды ашыкча ойлордон кутулууга жардам берет. Ошол медитацияны көрүп алып динге окшоштуруп жатышса керек.Динге эч кандай байланышы жок.

-Тай-цзинин адамга тийгизген таасири кандай?

-Тай-Цзини 21-кылымдын медицинасы деп да атап келишет. Эң биринчи орунда ден-соолукту чыңдоого жардам берет. Адамды физикалык жактан гана өстүрбөстөн руханий өнүгүүгө түртөт. Адамдын жашоодо өзүн өзү тааныганга жардам берет. Ар бир адам өзүнчө бир дүйнө жана адамда ачылбай турган сырлар болот. Ошол сырларды ачууга шарт түзүлөт. Мындан тышкары эрктүүлүккө, сабырдуулукка, ар бир нерсеге түшүнүү менен мамиле кылууга үйрөтөт. Адам Тай-Цзи менен машыкканда өзү менен өзү күрөшөт. Башка бирөөнү жеңип коюу оңой, ал эми адамдын өзүн жеңүүсү абдан оор. Кыта йдын императорлору, акын-жазуучулары да Тай-Цзи менен машыгышкан.Себеби алар өзүнүн өнөрлөрүн, таланттарын дагы да өркүндөтүүнү каалашкан.

Кыргызстанда бул өнөрдү кандай кабыл алышат?

-Азыр түз эле кабыл алышат, пайдалуу нерсени үйрөнүп алууга эмнеге болбосун. Тай-Цзини азыр көпчүлүгү гимнастика катары билишет, бирок анын тарыхын, таржымалын, кандай пайдасы бар экенин билишпейт. Кыпкызыл алманы сыртынан карап койгондой эле да, ал эми анын даамын таткандар тилекке каршы аз.

-Машыгуучулардын жаш курагы чектелеби?

-Жаш курак чектелбейт, 6 жаштан 90жашка чейинкилер машыга беришет. Ар түрдүү жаш курактагы адамдар менен иштештим, алардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша машыктыруу программалары бар. Улуу муундагы адамдар ден-соолугун чыңдаш үчүн келишсе, жаш балдарды мушташ өнөрүн кызыктырат.

-Байкашымча бул өнөрдү кабыл алуу, үйрөнүү абдан кыйын окшойт?

-Кабыл алуу бир топ эле оор, себеби көнүгүүлөр жай, жумшак, суунун агымындай бир калыпта, өтө кылдаттык менен жасалгандыктан эрктүүлүктү, чыдамкайлыкты талап кылат. Ой да бир жерде болуш керек, өзүңөр билесиңер ойду бир жерде кармап туруу өтөтатаал.Үйрөнүш үчүн убакыт талап кылынат жана көп машыгыш керек.

-Сиз үчүн азыр Тай-Цзи эмне жана бул спорттун түрүн башка спорт менен салыштырууга болобу?

-Азыр Тай-Цзи менин жашоом болуп калды десем жаңылышпайм. Оюм тазарды, жашоого болгон негизги көз карашым түзөлдү. Чыныгы жоокердик өнөр адамды мыкаачылыкка тарбиялабайт, болгону коргонууну гана үйрөтөт. Ошол сыңары аларды бири-бири менен салыштырганга мумкүн эмес. Боксер же каратист кыйын деп салыштыруу өтө чоң жаңылыштык деп ойлойм. Болгону спортсмен тандаган спорттун түрү менен жигердүү машыкканда гана мыкты ийгиликтерге жете алат, албетте бул менин жеке оюм..

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...