Акыркы макалалар

Алмазбек Атамбаевдин айылында

Алмазбек Атамбаевдин айылында

Сары- Өзөн- Чүйдүн Аламүдүн районунун Арашан айылы алп тоолордун босогосунан орун алган ажайып айылдардын бири. Тоонун таза абасы, шибер чөбү, айтылуу Чуңкурчак жайлоосу, таштан-ташка көбүк чачып бууракандап аккан Аламүдүн суусу мындагы булактардан башат алып, ар кимдерди тамшандырып келет. Илгери Арашан айылына Алексей Косыгин, Хо Ши Мин суктанып кеткенин айтышат. Бул эмгек баатырлары баарынан көп чыккан жер. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ушул айылда туулуп-өсүп, саясаттын чоң майданына аттанып кеткен.

Баатырлардын айылы

Арашанды атактуулардын, баатырлардын айылы деп атаса болот. Бул жакта президент Алмазбек Атамбаев, экс- премьер-министр Азим Исабеков, төкмө акын Азамат Болгонбаев, президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиев, ырчы Гүлмира Жолдошева туулуп-өскөн, көптөгөн ишмерлер, алсак экс- премьер Апас Жумагулов жашайт, Аманбек Карыпкулов жашап өткөн. Союз учурунда бир эле ушул айылдан Социалисттик эмгектин алты баатыры чыккан болсо, Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин да баатыр кыз-жигиттерден куру калбады. Феодосия Стрельникова, Ыбрай Бектенбаев, Жыргал Мундузбаева, Титов, Чернышенко ж.б. Социалисттик эмгектин баатыры деген наамга татыктуу болушкан. Аты аталган эмгек баатырларынын көбүнүн көзү өттү, алардын арасынан Феодосия Стрельникованын шакирти Мундузбаева Жыргал 87 жашта. Жыргал апа өткөн күндөрдү мындайча эскерип берди:

-Феодосия Стрельникова олбурлуу келген жакшы киши эле, саанчы, кийин совхоздо башкарма болду. Апам Жогорку Кеңешке депутат шайланган алдыңкы саанчылардан эле, ооруп кайтыш болгондон кийин анын жолун уланттым. Гүлнар, Динар аттуу эки кызымды уй фермасына ээрчитип алып жүрдүм. Биздеги уйлар асыл-тукум, зоот эле. Карамагыбыздагы 25 саан уйдун ар биринен 25-30 килограммга чейин сүт саап алчубуз. Планды толтуруу үчүн кандай гана жан алакетке түшкөн эмеспиз: таңкы саат 3. 30да жумушка келип, уйдун акырын тазалап, таңкы бештеги саанга даярдап койчубуз. Уй баласын адамдан артык карап, башынан шыйрагына чейин эки маал жууп-тазалачубуз. Сүттү арбын берген уйларды мен аппарат менен эмес, атайын кол менен саачумун, анткени аппарат менен саалган уй сүттү азыраак берет. Планды ашык аткаруу үчүн уйларга жем-чөптөн нормадагы 8 килограммдан ашырып да берчүмүн. Уй тууган учурларда фермага жатып, үй бетин көрбөй калаар элек. Ошол эмгегим кайтып, 1966-жылы Социалисттик эмгектин баатыры деген наам алдым, эки жолу Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайландым. Республиканын ар кайсы аймактарынан келген Керимбүбү Шопокова, Телегей Сагымбаева сыяктуу баатыр аялдар менен катар депутат болдум. Ошо кездеги Жогорку Кеңештин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов: “Жок дегенде башталгыч билим алсаң жакшы болмок” деп мага көп айтар эле, тилекке каршы, мектепте окубай, кат-сабатым жоюлбай калбадыбы. Кызым Гүлмира жогорку билимге ээ болуп, зоотехник болуп иштеди.

Жыргал Мундузбаеванын бригадасында бир кезде саанчы болуп иштеген Гүлүмкан Миңжашарова кезинде асыл тукум уйлардын жем-чөбү өзүнчө рацион менен берилип турганын кошумчалады: “Уйларга жем-чөптөн сырткары сенаж, силос, жом, барда (пиво заводунун продукциясынын калдыктары), запарка (арпанын калдыктары) берилип турчу. Мындан тышкары зоот уйларга дарбыз, сабиз, кызылча, ашкабак, патока берилчү. Мен 1979-жылдан баштап, 1996-жылга чейин асыл тукум уй заводунда саанчы болуп иштедим. Ак эмгек менен мээнетибиз калган совхоз 2000-жылдары таратылып жатканда, Сияр Алсеитова, Мисам Нургалиева болуп, алдыбызга Баатыр эжебиз Жыргал Мундузбаеваны салып алып, пикетке чыгып, асыл тукум совхозду сактап калабыз деп чырылдап жүрдүк. Тилекке каршы, ал совхоз жабылып, зоот уйлардын аягы таптакыр үзүлүп калбадыбы, -деп кейип калды.

Ысымы көчөнүн атын алып жүргөн улук лейтенант Алмазбек Сулайманов, апасы Гүлнаранын айтымында, Бишкек шаарынын Октябрь ИИБинде 2011-жылы 4-январда иш үстүндө террористтерге каршы чыгып, 16 кабат имаратты жана андагы жашоочуларды коргогон үч кызматкердин бири эле, каза болгондон кийин ага Кыргыз эл баатыры деген наам ыйгарылган. Аталган баатырлардын көч башында, албетте, Улуу Ата Мекендик согушта эл-жерди коргогон жоокерлер турат. Алмазбек Атамбаевдин атасы Шаршен Атамбаев да Ата Мекендик согуштун катышуучусу эле. Ленинград блокадасында согушкан Токтосун Орозбаев сыяктуу “Эмгек даңкы” орденинин үч даражасы менен сыйлангандар болгон, мындай ордендин үч даражасын алгандар Эмгек баатыры наамына тете болгон.

Учурда Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан бирин-серини эле калды. Экинчи дүйнөлүк согуштан майып болуп кайткан Усуке Ербаев 19 жашында, 1941-жылдын 4-сентябрында Белграддан баштап үчүнчү украиналык фронтко, андан Запорожьеге, Севастополго, андан Румынияга жиберилген. 24 жашында “Күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы менен сыйланып, согуштан өз жерине аман-эсен кайтып келген. Азыр согуштун катышуучуларына арналып, айылда эстелик тургузулууда.

Алма бактуу Арашан

Арашан айылындагы баарынан суктанарлык алма багы Сүйүн Исмановдуку, тимеле сүрөттөгүдөй суйкаят. Канча түп алма багы бар экенин санабаганы менен анын бутактарын, тегерегиндеги чөптөрүн бирден санап, тазалайт көрүнөт. Карасаң көргөндүн көзү тойгон керемет бак. Булар гүлдөп жана мөмө байлаганда андан бетер суктанарлык болор, апорт, голден, превосходный ж.б. сорттору бар.”Мен сыртта, Ат-Башы, Нарында 22 жыл эксковаторчу болуп иштеп келдим. Талыкпаган эмгегиме жараша 1983-жылы “Жигули” машинасы менен, 1987-жылы Министрлер Советинен “ГАЗ-24” машинасы менен сыйлангам. “ГАЗ-24 Волга” машинем азыр дагы үй-бүлөмдүн кызматында” дейт.

-Президент Алмазбек Атамбаевге айтаар арыз-арманыңыз бар беле?- деген суроого:

-Алмаз Атамбаевдин артыкчылыгы – жеп-ичпегени, өз көмөчүнө күл тартпаганы, жакындарын жакшы иштерге койбогондугу. Биз өз мээнетибиз менен эле күн көрүп келатабыз. Жардам катары Атамбаевден жылына бир мүшөктөн ун алып турабыз, бара-бара ундун кабы кичирейип барат, ага дагы ырахмат, эми президенттиктен кеткиче ушул Кошокбай көчөсүн оңдоттуруп, эски зым мамыларды алмаштыртып койсо, андан бетер жакшы болмок,- деп кошумчалады.

Очор-бачар бүлө

Сулайманов Алмазбек атындагы көчөнүн аягында жашаган Дубанаев Айдаке менен Айнура 13 балалуу. Айылдагылар көп бүлөлүү жашаялмет үй-бүлөнү айылдын сыймыгы катары санашат. Үй ээси буларды кеп салып олтурду: “Бир мезгилде 13 баламдын төртөө студент, бешөө мектепте окуп, каражаттан каржалып калдык. Ошондо менчигибиздеги беш гектар жерибиздин эки гектарын сатууга туура келди. Кудайга шүгүр, айыл өкмөтү каралашат, үйдүн чатырын жаап беришкен. Ушул тамды сатып алганыбызга үч жылдай болду, ферманын кире бериши болчу, үй-жай кылып алганбыз. Тамдын калган бөлүгүн ремонттоого каражат жагы тартыш. Балдар чоңойгон сайын, үй тарыгансып барат. Жатаарда баарыбыз каз-катар бош орун калтырбай тизилип калабыз. Балдарга бир жарым жылдан бери мамлекет тарабынан пособие төлөнбөй калды, эмне десек “жериңер бар, төлөнбөйт” деген жооп алабыз. Айнура Айдакеева мурда Баатыр эне катары ардакталып, ар кандай жыйындарга катышып, белек-бечкек менен сыйланып келгенин, азыр андай болбой калганын кошумчалады.

Алмаз Атамбаевдин ата конушу

Союз кезиндегидей асыл тукум уйлар таптакыр жоголуп кеткени менен мал кармабагандар жокко эсе.

Калк мал багуу жана дыйканчылык менен күн көрөт. Күндүз жаздын бул күндөрү Арашан ичи жымжырт. Элдин көбү талаачылык иштеринде. Майрамбек Орозбаев лизинг боюнча жана сатып алган техникасы менен элдин жерин айдап, малалап да берет. Күнүгө 25 гектар айдаганга жетишет. Солярка кымбат, гектарына 25 литр солярка кетип жатканын айтты.

Айта кетчү нерсе – Арашандан көк-бөрүчүлөрдүн айтылуу “Арашан” командасы чыккан. Анын оюнчулары Анарбек уулу Сейитбек азыр Таластын командасынын атынан ойноп жүрөт. Анын чоң атасы Кайырбек да,өз атасы Анарбек да чоң улакчылардан болуптур. Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасында ойногон Жышан жана Мирлан Алсеитовдорду да белгилеп кетүүгө болот.

Айылдагы бир топ көчөлөрдүн арасында Полевая чолок көчөсүндөгү үй алыстан эле көрүнүп турат. Бул-президент Алмазбек Атамбаевдин үйү. Жаңы салынган, тегереги тосулуу заңгыраган тамдын короосундагы кичинекей там бала чактын, ата конуштун эстелиги катары эч бир жерине кол тийбей, сакталуу. Мына ушул жерде Алмазбек Шаршенович төрөлүп, бой жетип, турмуш сапарына аттанган. Коңшулары Алмазбектин тартиптүү, тырышчаак бала болуп өскөнүн, гитара черткенин, мектептин акыркы классын Кой-Таштагы мектептен бүткөнүн кеп салышты. Кичинекей ушул там сыйчыл, ичинде нарцисс гүлдөр өсүп, таң заарынан самоордун чайы кайнап турчу эле дешет. Айылдагы жеткинчектер жердеши, президент агасындай элдин керегине жараган адам болууну каалагандыктарын билдиришти. Айылдыктардын айтуусунда Алмаз Атамбаев айылга карамдуу, кире бериште заңкайган Эне мечит анын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен курулган. Катарында жогорку окуу жайдын теология боюнча факультети да ачылган. Айт намаз күндөрү президент өзү ушул мечитке келип турат . Айылда суу жагы бир аз көйгөй жаратып келсе, азыр суу чыгаруунун кубатын арттыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мында клуб, мектеп, айтор коомдук агартуу-маданий очоктору иштейт, көчөлөр жарык. Азыркы замандын көйгөйүнөн президенттин айылы да куру калбаганы менен, жалпысынан алганда Арашан кут конгон, ырыс уялаган, эмгекчил калкы менен даңкы чыккан айыл экени көрүнөт.

Айгүл Бакеева

Түп нускага шилтеме : pk.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...