Акыркы макалалар

Оппозиция башкы ролду ойногон “боевик”

Оппозиция башкы ролду ойногон “боевик”

Улам бир күнгө кайра-кайра жылдырып отуруп, акыры өткөн жумада Жалал-Абадда Бириккен элдик кыймылдын Курултайы болуп өттү. Быйылкы жылдын эсебинен оппозициянын биринчи иш чарасы десек болот. Бул Курултайдын жыйынтыгынан улам быйыл Кыргызстан митинг-питингден алыс болоруна дагы бир жолу көзүң жетет.

Белгиленген Курултайга Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрү өздөрү да барбай коюшту. Алардын мурунку лидери Равшан Жээнбеков кыймылдын ичинде талаш маселе бар экенин, ал чечилмейинче мындай иш чара өткөргөн туура эмес деген оюн айтса, Өмүрбек Абдрахманов аны эч ким чакырбаганын айтты. Ошентип, лидер катары Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Улукбек Маматаев, Абдылда Капаровдор катышты. Курултай болот деген күндөн бир күн мурда алар Абдылда Капаровдун үйүнө чогулушуп, дасторкон үстүндө эртеңки күндүн маселесин талкуулашкан. Алардын айтымында, ошол учурда белгисиз 100 чакты адам Капаровдун үйүнө кирип келип, башаламандык уюштуруп, оппозициянын лидерлерин белгисиз тарапка уурдап кетишкен. Мындай маалыматты биринчилерден болуп Равшан Жээнбеков социалдык түйүндөрдө билдирип чыкты. Бирок, эртесинде ИИМ оппозициянын ана башылары уурдалбай эле Бектур Асановдун үйүндө чай ичип отурушканын аныкташты. Бектур Асанов болсо “Кечинде башаламандык болуп аткан учурда бирөө бизге “тез кетип калбасаңар, бычак сайып кетишет” дегенинен биз качып кутулуп, такси менен үйгө кеттик. Жол ката үч жолу такси алмаштырдык. Бизге милициялык-чекисттик банда кол салды” деп билдирди. Бирок, кызыгы, кол салынып, таяк жеген адамдар ооруканага же милицияга кайрылышы керек эле да. Булар милицияга да, ооруканага да кайрылган эмес.

Көп өтпөй эле Капаровдун үйүнө кимдер келгени да белгилүү болуп калды. ИИМдин маалыматына караганда, Капаровдун үйүнө 10 чакты жергиликтүү тургун чогулуп, элдин башын айлантпай кетип калуусун талап кылган. Ошол учурда элдин топтолуп калганын көргөн бирөө милицияны чакырып койгон. Милиция кызматкерлери келип, ал жерде үйдүн кожоюндарынан башка эч ким жок экенин көрүшкөн.

Эртесинде боло турган Курултайга көбүрөөк адам чогултуу максатында оппозиция ушундай “жашынмак” оюндарга барса керек. Бирок, бул ойлору ишке ашпай калды. Анткени, буга чейин Кубаныч Кадыров Курултайга 10 миң адам келери күтүлүп жатканын айткан эле. Кадыровдун тилегине каршы, Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданына болгону 200дөй эле адам чогулду. Мунун ичинде журналисттери да, укук коргоо органдары да бар. Ал эми оппозиция өзү миң чакты адам келгенин айтып жатат.

Бул Курултай бүгүнкү оппозицияны эл ээрчибей турганын дагы бир жолу көрсөтүп койду. Демек, быйылкы жаз дагы митинг, нааразычылык акциялары жок, тынч эле өтөт деп жыйынтык чыгарсак болчудай.

Акылбек Чынтемиров

Түп нускага шилтеме : pk.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...