Акыркы макалалар

Башкы прокурор: "Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча тергөө жанданышы мүмкүн"

Бүгүн, 16-апрелде парламент жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева 2014-жылкы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө маалымат берип жатат. Депутаттар андан кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Азиз Батукаевди бошотууга күнөөлүү чиновниктерге карата чара көрүүнү талап кылышты. "Батукаевди бошотуу боюнча тергөө жанданышы мүмкүн. Учурда бул маселе прокуратурада каралып жатат",- деп жооп берди Жолдубаева.

Айта кетсек, буга чейин депутат Эркин Сакебаев Азиз Батукаевдин Орусиядан кыргыз жерине алынып келинишинен үмүтүн үзгөнүн айтып чыккан.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...