Акыркы макалалар

Ошто маңзат көйгөйүн талкуулаган эл аралык жыйын болот

Ошто маңзат көйгөйүн талкуулаган эл аралык жыйын болот

Кыргызстандын аймагында маңзат ташууну көзөмөлдөөгө жана психотроптук заттарды жайылтууну алдын алууга арналган көчмө жыйын бүгүн Ош облустук администрациясында болот. Маңзат көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат уюштуруп жаткан бул иш-чарага Орусия менен Тажикстандын маңзат көзөмөл кызматтарынын өкүлдөрү, БУУнун адистери чакырылган. Алар менен тажрыйба алмашуу каралган.

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекеменин ага тескөөчүсү Толкун Кукчаев билдирди. Талкууга коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев төрагалык кылат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...