Акыркы макалалар

Бишкектик селсаяктардан кургак учуктун ачык түрү табылды

Бишкек шаарын байырлаган селсаяктардын ичинен жыйырма адам кургак учуктун ачык түрүн алып жүргөнү маалым болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мындай аныктама Биринчи май районунда жүргүзүлгөн “Селсаяк” аттуу рейдде ачыкталган. Аталган текшерүүдө 159 селсаяк көзөмөлгө алынса, текшерүү учурунда алардын жыйырмасынан кургак учуктун ачык түрү табылган. Эки үй-жайсыз жаран сарык менен ооруп жүрсө, бир адамдан ВИЧ СПИД дарты аныкталган. Мындай оору менен ооругандар атайылап дарылоо үчүн Биринчи май РИИБнин кызматкерлери тарабынан ооруканаларга жиберилди.

Белгилей кетсек, кургак учуктун ачык түрү коркунучтуу болуп саналат. Оорунун мындай түрүн алып жүргөндөр башка адамдарга оңой эле жуктуруп коёт. Жер жүзүндө ар бир 20 секунд сайын кургак учуктан бир адам көз жумат.

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

1-март, 2013-жыл,№08

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...