Акыркы макалалар

Кыргызстанда бир жарым тонна "Шин Лайн" балмуздагына тыюу салынган мөөр басылды

"Шин Лайн" балмуздагынын 24 түрүнүн 8 түрүнөн ичеги-карын таякчалары аныкталган. Бул тууралуу кечээ, 15- апрелде Ооруларды алдын алуу жана санитардык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин Азык-түлүк коопсуздугун жана инфекциясыз ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн бөлүм башчысы Токтогул Базарбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иштер министрлиги кошумча текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн бир жарым тоннага жакын балмуздакты кампага киргизип, тыюу салынган мөөр баскан.

"Бирок балмуздактын бардыгы бузулуп кеткен деп айтууга болбойт. Ичеги-карын таякчалары туура эмес сакталгандыктан улам дагы пайда болушу мүмкүн", - деди ал.

Эскерте кетсек, 30-мартта Ички иштер министрлиги жана "Кырк чоро" тобунун мүчөлөрү Кыргызстанды балмуздак менен камсыздаган башкы компания болгон "Шин Лайн" мөөнөтү өтүп кеткен товарларын таңгактап жана аны дүкөндөргө сатыкка чыгарган деп билдиришкен. Компаниянын цехтеринин бирине ишке орношкон "Кырк чоро" тобунун мүчөсү цехтин жумушчулары балмуздактын эскирген колдонуу мөөнөтү жазылган кагазын өчүрүп жаңысын чаптап жатышкан видеону тартып алган.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана "Кырк чоро" уюмунун мүчөлөрү жүргүзгөн биргелешкен рейд маалында белгилүү болгон.

Бирок колдонуу мөөнөтү бүткөн кагазды басып чыгарган станок кайда жайгашканын цехке жасалган рейд маалында текшерүүчүлөр аныктай алышкан эмес. Текшерүүчүлөр эски кагаз стакандардагы "2014-жылдын 5-сентябры" деген жазуунун ордуна таттуу азыкка "2015-жылдын 12-мартына чейин жарактуу" деген жазууну чаптап жатышкандарды кармашкан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...