Акыркы макалалар

"Сабаттуу жазалы" акциясы мамлекеттик кызматкерлер арасында да болду

Бүгүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулуп жаткан “Сабаттуу жазалы” акциясы КР Президентине караштуу Башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн өткөрүлдү. Катышуучулардын саны 150гө жеткен.

Жат жазууну актер, ырчы Асылбек Өзүбеков окуду. Күндөгүдөн айырмаланып Сокулук районунан жана Нарындан атайын катышуу үчүн келгендер болду. Акциянын башталышында сөз сүйлөгөн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу “Сабаттуу жазалы” акциясы мамлекеттик тилде сабаттуу жазууга багыттоо жана сабаттуу болууга үндөө максатында өткөрүлүп жаткандыгын белгилөө менен катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

Ал эми бардык катышуучуларды кызыктырган жыйынтык жума аягында ЖМКлар аркылуу белгилүү болмокчу. Эске сала кетсек кечээ 14-апрелде ушул эле акция ЖМКлардын өкүлдөрү үчүн өткөрүлгөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...