Акыркы макалалар

Кыргыз парламенти алсырайбы?

"Акыйкат таразасы программасынын" бул жолку чыгарылышында, парламентте депутаттарга кол тийбестик укугун берген баш мыйзамдын жобосун алып салуу сунушу тууралуу кеп кылабыз. Бул маселе учурда коомчулукта кызуу талкууну жаратып жатат . Ушул теманын алкагында азыркы тапта коомдук иштер менен алектенип жаткан, экс-ЖКнын депутаты Эркинбек Алымбеков менен маек курдук.

-Эркинбек мырза, депутаттарга кол тийбестик укугун алып салуу долбоору коомчулукта кызуу талкууланып жатпайбы. Буга сиздин пикириңиз кандай? Кереги барбы же жокпу бул сунуштун?

Эгер тарыхка көз чаптыра турган болсок, эл өкүлдөрүнө коомчулуктагы көйгөйлөрдү, ар кандай маселелерди бийликке жеткирип туруш үчүн укук берилип, шайланып келген. Депутаттык кол тийбестик балким, парламенттин эффективдүү иштешине өбөлгө түзүп келгендир. Мисалы, өзүм депутат болуп турган кезде, кол тийбестиктен пайдаланып кандайдыр бир деңгээлде, бийликке тайманбай түз сөз айтканга мүмкүнчүлүк алчубуз. Эгер кол тийбестикти алып койсо, жөнөкөй эле жаран катарында болсоң, бир чоң кызматкерге кемчилигин айта коюп камап салса. Анан кайсы депутат кандай маселе көтөрүп, кайсы минстрден жоопкерчиликти сурай алат. Ошондуктан, ар нерсени тең салмактап чечим кабыл алыш керек. Шайлоо жакындап келе жатканда кол тийбестик маселени көтөрүп, кандайдыр бир саясий күчтөр упай топтогусу келип жаткандыр. Бирок мындай долбоор чындыгында демократиялык көз карашка туура келеби? - деген маселе бар.

-Ушул сунуштап жаткан долбоор, мурун бир-эки жолу көтөрүлүп токтоп калды эле, кандайдыр бир себептерден улам. Кайрадан көтөрүлүп чыгышына эмне себеп болду?

Ар нерсени учурунан пайдалануу деген нерсе бизде өөрчүгөн. Эл өкүлдөрүнөн кол тийбестик макамды алып туруп, бийликке келе турган депутаттарды "дыңылдабай иштегиле" деп коюшу да толук мүмкүн. Бирок мен ойлоп жатам, бул жөн эле коомчулуктагы талаштуу, татаал нерселерден чайкап, алагды кылып жатабы дейм да. Себеби күндүн негизги темасы катарындагы Кумтөр жана башка курч маселерди жайгаруу максатында

-Бул долбоор кабыл алынып калса, кийинки чакырылыштагы депутаттарга иштеп калат. Алардын кандайдыр бир укугу чектелген жокпу?

Кол тийбестикти парламент жөн эле алып коё койчу нерсе эмес. Баш мыйзамда нормалар бар,ошонун негизинде иш алып барыш керек. Конституцияга карама-каршы жоболорду эч ким киргизе албайт. Эгер андай боло турган болсо, конституциялык палата жокко чыгарып коё алат. Себеби, чындап мыйзамдын чегинде иштей турган болсок, Кыргызстанда ушундай талаштуу нерселерге конституциялык палата калыс өз баасын бере турчу өтө маанилүү орган болуп саналат.

Маегиңизге рахмат!

Автор: Жылдызбек Калыгулов

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...