Акыркы макалалар

“Пегасус Азия”: Индиядан кыргызстандыктар бүгүн келет

“Пегасус Азия”: Индиядан кыргызстандыктар бүгүн келет

Бул тууралуу “Азаттыкка “Пегасус Азия” авиакомпаниясынын өкүлү Лилия Калыкова билдирди. Каттамдын жылып калышына учактын трапты сүзүп алып, бир аз капшырылып калышы себеп болгон.

-Учак трапты катуурак сүзүп алган. Индиянын Жарандык авиациясы текшергенче ушунча убакыт өтүп кетти. Азыр эки каттамдын жүргүнчүлөрү чогуу бүгүн келишет, - деди Калыкова.

Айрым маалымат каражаттары компаниянын Нью-Дели - Бишкек каттамы 11-апрелден бери жылдырылып, кыркка жакын кыргызстандык беш күндөн бери мекенине кайта албай жатканын жазышкан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...