Акыркы макалалар

"ЭлТР"дин башчысы: Каналдын жагдайы анын трансляциясына таасир бербейт

Өкмөт "ЭлТР" телеканалынын айланасындагы жагдайды иликтеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде "ВБ"га министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Аталган кабарга таянсак, өкмөт жакын арада чечим кабыл алат.

Белгилей кетсек, 13-апрелде бир катар кызматкерлер президентке телеканалдын айланасындагы жагдайды жөнгө салуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Алардын пикиринде "ЭлТР"дин башкы директорунун милдетин аткаруучу Максуда Айтиева өзүнүн милдеттерин аткара албай жатат. Жамаат дагы беш продюссердин кызматтан кетишин талап кылууда. Маалыматта айтылгандай, катка 60 кызматкер кол койгон. Бүгүн бир катар ЖМКлар телеканалдын жамааты 60тан ашык кызматкерлер алардын өтүнүчүн аткарууну талап кылуу менен жумушун токтоткондугу тууралуу маалыматты дагы жарыялашкан.

Ал эми кечээ, 14-апрелде бул боюнча Оштогу "ЭлТР"дин башкы мекемесинде жыйын болуп, ага 147 кызматкердин 97си катышкан. "Жыйындын маалында кесиптер бирдигинин төрагасы Т. Канатбек уулу кайрылууга 60 адам эмес, болгону 5 адам кол койгондугу тууралуу билдирген. Катышкандардын көбү нааразы болгондордун талаптарына макул эместигин билдиришкен. Алар жамааттын ынтымагын бузгандарга жана жамаатты бөлгөн Бейшенбек Бекешов менен Жайнагүл Максимованын аракеттерине нааразы болушкан",-деп кабарлашты "ЭлТР"ден.

"ЭлТР" каналынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка таянсак, бул жыйындын жыйынтыгы менен жамааттын бир бөлүгү башкы директор Максуда Айтиеваны колдоп чыккан жана конфликти чыгарган директордун орун басары Бейшенбек Бекешевду иштен алууну талап кылышкан.

Айтиеванын өзү "ВБ" менен болгон маегинде телеканалдын айланасындагы жагдай турукташканын жана ал кадимки режимде иштеп жатканын айтты.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...