Акыркы макалалар

Реформа ачык-айкындуулукту талап кылат

Реформа ачык-айкындуулукту талап кылат

Жакында Нарын шаар башкармалыгынын жыйындар залында «Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык биримдигинин өкүлдөрүнүн милиция кызматкерлеринин, ардагерлеринин, коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда ички иштер органдарын реформалоо жөнүндө талкуу жүрдү.

Жолугушууну уюштурган «Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык биримдигинин мүчөсү, бул жаатта Нарын облусунда иш жүргүзүп жаткан Эркин Асаналиевдин билдирүүсү боюнча аталган биримдик 22 уюмдан түзүлүп, республика боюнча иш алып барып, негизги максаты ички иштер органдарынын ишин реформалоо болуп саналат. Аталган биримдик өз ишин жүргүзүүдө Өкмөткө акыл айтып же сын айтып четтен карап турбастан, ички иштер органдарын реформалоо боюнча өздөрүнүн концепциясын иштеп чыгышкан. Бул жаатта жарандык биримдиктин мүчөлөрү республика боюнча жолугушууларды өткөрүшүп, бийлик өкүлдөрүнүн, милиция кызматкерлеринин, жарандык коомдун бул маселе боюнча ой-пикирлерин, сунуштарын угуп, альтернативдүү концепцияга киргизишкен. Мындан сырткары бул альтернативдүү концепцияны колдоо боюнча 10950 кол топтолуп, Президентке, Өкмөткө кайрылуу каты менен кошо жолдонгон.

- Коомдо болуп жаткан жат көрүнүштөргө кайдыгер карабаган адамдардын жардамы менен биз Өкмөттү, Ички иштер министрлигин карапайым элдин үнүн, идеясын укканга мажбур кылдык. Белгилүү болгондой, Кыргызстанда эки жолу 1998-жылы жана 2005-жылы ИИМди реформалоонун концепциясы иштелип чыккан.Тилекке каршы бул реформалар каалагандай натыйжа, милиция кызматкерлери үчүн да коомчулук үчүн да өзгөрүү алып келген жок. 2011-жылы Өкмөт башчысы Ө.Бабанов милицияны реформалоо бышып жетилгенин айта баштаганда, биз бул концепция адаттагыдай эле элди алдоо болооруна көзүбүз жетип, ага жол бербес үчүн альтернативдүү көз карашыбызды билдире баштаганбыз. Бул идея жеке биздики эмес, бул миңдеген кыргызстандыктардын жана өз структурасынын ишине кайдыгер карабаган милиция кызматкерлеринин, ардагерлердин идеясы. Биздин милдет-бийлик менен региондордун ортосунда көпүрө болуу.-дейт биримдиктин мүчөсү, Ички иштер министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү, «Либералдуу жаштардын альянсынын» лидери Тимур Шайхутдинов.

Тимурдун ою боюнча милицияны реформалоо ар бир ички иштер органынын кызматкери өзүн ушул органда иштегенине сыймыктангандай жыйынтыктарды алып келиши керек. Алгач жарандык коомдун сунуштарына маани бергиси келбей жаткан Ички иштер министри жана Өкмөт башчылары бүгүнкү күндө бирдиктүү иш алып барууга даяр экендиги да көңүл жубатпай койбойт. Себеби, жакында аталган биримдик тарабынан иштелип чыккан концепциянын айрым идеялары ИИМдин коллегиясында иштелип чыгып, бекитилген концепциянын долбооруна киргизилген.

Милицияны реформалоонун концепциясын даярдоодон мурун аталган биримдик тарабынан бир топ иштер жасалган.Алсак, Кыргызстандын ар кайсы шаар, айылдарында 20 дан ашык коомдук угуулар өткөрүлүп, ага 800 дөн ашуун адамдар катышкан. Массалык маалымат каражаттарына бир жылдын ичинде 100дөн ашык макала жарык көргөн. Бардык коомдук угууларга милиция кызматкерлери, милициянын ардагерлери катышып өздөрүнүн оюн билдирип турушкан.Коомчулуктун ою боюнча, биринчиден, милициянын иши ачык-айкын болуп, коомчулук алдында маалымдуу болушу зарыл. Себеби, социалдык сурамжылоодо белгилүү болгондой, өлкөбүздүн калкынын 65 пайызы милицияга ишеним көрсөтпөйт. Экинчиден, республикалык эле деңгээлде эмес, жер-жерлерде ички иштер башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн алдында коомдук байкоочу кеңештерди түзүү талапка ылайык. Региондордо шааррайондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилиги жылына жок дегенде бир жолу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жергиликтүү кеңештердин алдында отчёт берип туруусу, участкалык милицияны тандоодо, бөлүмдөрдүн башчыларын дайындоодо жергиликтүү кеңештерди катыштыруу керек. Үчүнчүдөн, милиция саясий группировкаларга кызмат көрсөтпөй, коомчулуктун коопсуздугун сактоого кызмат кылышы абзел.Милиция саясатка аралашпай, өз алдынча болушу, саясатчылар милициянын ишине киришпеши, алардын оперативдик иликтөө иштерине жолтоо болбошу зарыл. Бул үчүн милицияны башкаруунун моделин өзгөртүү талапка ылайык. Ички иштер министри үч жылдык мөөнөткө дайындалышы керек. Эгер ал жакшы иштеп, мыйзамды бузбаса аны эч ким отставкага кетирбеши керек, себеби, ар бир министр алмашкан сайын бүтүндөй системада кадрдык өзгөрүүлөр боло баштайт. Дегеле, реформанын биринчи этабында эле коомдук тартипке тиешеси бар бардык мыйзамдык актылар кайра каралып чыгышы абзел.

Жолугушууда өз пикирлерин билдиришкен милициянын ардагерлери реформаны баштоодо эң оболу, ички иштер министри башка системадан барбай милициянын бардык баскычтарын басып өткөн милициянын кадры болушу керектигин баса белгилешти. Мындан сырткары ГУИН, Паспорттук-визалык кызматтын, РЭО ГАИнин ички иштер министрлигине карашын, ички иштер кызматына армияда кызмат өтөгөндөр гана алынышы керектигин, милициялык академияда беш жыл окутуунун кажети жоктугун, участкалык инспекторлорду техника менен камсыздоо зарылдыгын белгилешти.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...