Акыркы макалалар

Р. Жээнбеков: "Өлкөдөгү экономикалык кризис 4 жылга созулат"

Мамлекеттин тышкы карызы ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашып кетти. Бул жылдан баштап, тышкы карыз алуу мүмкүнчүлүгү чектелди. Ошондой эле, Кыргызстандын Орусия менен болгон соода мамилеси, инвестициялар бир топ кыскарды. Мигранттар өз мекенине кайтып келүүдө. Мунун натыйжасында жумушсуздук, иш таштоолор көбөйдү. Мындай пикирин Жогорку Кеңеште болгон уктурууда эл өкүлү Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстан 25 жылда болуп көрбөгөндөй системалуу кризиске батты. Бул жок дегенде 4 жылга созула турчу кризис болот.

Эске салсак, бүгүн парламентте "Кыргызстандагы курчуган экономикалык абал" деген темада жыйын болуп өттү.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...