Акыркы макалалар

“Орусия баскынчылыгына каршылык” медиа программасына АКШ 15,6 млн доллар бөлүүдө

“Орусия баскынчылыгына каршылык” медиа программасына АКШ 15,6 млн доллар бөлүүдө

АКШ бүжжети тарабынан каржыланган Чехиялык “Свобода” (Азаттык) кеңсесинин негизинде “орусиялык медиа ааламдагы маалымат бурмалоого” каршылык кылуу максатында санариптик медиадепартамент түзүлмөкчү. Бул тууралуу бүгүн 14-апрелде “Известия” гезити жазып чыкты.

Ал Facebook, Twitter, «ВКонтакте» жана «Одноклассники» соцтармактарда, WhatsApp мессежжеринде, YouTube каналында, Rus2Web сайттында иш алып бармакчы. Мындан сырткары бул программанын алкагында BBG медиаструктурасы жана «Голос Америки» орусиялык РБК-ТВ каналында 60 мүнөттүк биргелешкен контент чыгарышат. Орусия менен маалымат майданында күрөшүүдө негизги курал катары өзгөчө берүүлөр менен саясый сатира каралууда.

Footage vs Footage («Тасмага каршы тасма») видеоформатта, бир эле кабарды орусиялык жана батыштык ЖМКлар кантип чагылдырып жатканын талдоо аркылуу, “орусиялык теле үгүттү” ашкерелөө, деген максаты коюлууда.

АКШ Конгрессинде келерки жылга каралуучу бүжжеттин,“Орусия баскынчылыгына каршылык” аттуу бөлүгүндө, президентин атынан 15,6 млн доллар чегерүү пландалган.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...