Акыркы макалалар

Билим алууга ыңгайлуу шарт

Билим алууга ыңгайлуу шарт

Кочкор районунун Тамчы (Комсомол) айылында жакында жакшы саамалык болуп, Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектептин 100 орундуу кошумча окуу имараты пайдаланууга берилди. Аны АРИС уюму аркылуу Немис өнүктүрүү банкы тарабынан «Карызды жоюу, эки коммуналдык структура» долбоорунун негизинде «Юнис-Курулуш» фирмасы тендерден 15 млн. 755 миң сомду сунуштап утуп алган. Буга жалпы Тамчы айылынын тургундары 597 734 сомду өздүк салым катары чогултуп беришкен. Жалпы сметалык наркы 16 млн. 966 823 сомду түзүп, курулушу бүткөрүлгөн. Жаңы кошумча корпус ыңгайлуу шарттары менен ашканасы жада калса ажатканасы дагы ичине жайгаштырылып, заман талабына ылайык курулган.

Аталган мектептин деректири Турсунбек Бактыгуловдун айтымында буга чейин окуучулар эски эки имаратта эки сменде окуп келишкен. Биринчи окуу корпусу 1958-жылы ашар жолу менен салынгандыктан мезгилдин өтүшү менен курулуш талаптарына жооп бербей полдору чирип, авариялык абалга келе баштаган. Экинчи корпус 1975-жылы курулуп, бирок ал дагы азыркы шарттарга жооп бербейт. Бирок ошентсе да окуучуларга татыктуу билим берилип, райондо билим сапаты боюнча алдыңкы орундарды камсыздап келишкен. Учурда мектепте 361 окуучу билим алып, 32 мугалим эмгектенет.

Ачылышына арналган салтанаттуу жыйынды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков ачты. Ал куттуктоо сөзүндє Тамчы айылынын элинин ынтымагы менен заманбап мектеп бүткөрүлүп, балдардын терең билим алуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгүн, келечекте бала бакча, спорт зал куруу керектигин айтты.

Сөз алып сүйлөшкөн Кочкор районунун акими Жылдызбек Шералиев эки камералуу муздаткыч, ушул айылдын кулуну «Акыйкат» партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов принтер тапшырып, дагы компьютерден жардамдарды бере тургандыгын билдирди. 1971-жылдары 2-классты аталган мектептен окуп кеткендигин айткан экс-министр Айгүл Рыскулова бир классты толук мебель, доска, парталар менен жабдып берген. Эми заман талабына ылайыкталган «интерактивдүү доска алып берем» деп убада кылды.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мукамбеткалый Абылгазиев 1000 доллар, Кочкор райондук депутаттардын кошмо жыйынынын төрагасы Таалайбек Курткаев жалпы депутаттардын атынан 50 миң сом, «Кочкор» коомдук уюмунун төрагасы Исмаилов Кубат дагы спорттук шаймандар, 15 топ тапшырышты.

Жаңы кошумча корпустун тургузулуп калышына мурдагы айыл өкмөт башчысы Шамил Усубалиевдин эмгеги чоң болгон. Ал облустук, республикалык сынактарга катышып утуп, долбоорун өткөрүп, өздүк салымга элден акча чогулттуруп негизги жумуштарын жасаган. Комиссия тандап берген долбоорду АРИС колдоого алган.

Кубан Исмаилов АРИСтин аткаруучу деректири

- Каражаттын баары КРнын бюджетинен келди. «Карызды жоюу, эки коммуналдык инфраструктура» деген долбоор немис тараптан кол коюлган. Негизги шарты Кыргызстан үч млн доллар бөлүп бериш керек. Ошол үч млн долларга ушундай имараттарды салсак, анда немис тараптар Кыргызстандын карызын 6 млн 700 миң дооларга жоюп берет. Бул долбордун өзгөчөлүгү ушундай обьектилерди салгандан тышкары тышкы карыздардан акырындан кутулуп жатабыз.

Ошондой эле ички инвентарларды «Кочкор райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 156 миң сомго төрт класска парта, отургучтар, Айгүл Рыскулова 80 миң сомго бир классты шкаф, парталар менен толук жабдып берди»-дейт мектеп деректири Т. Бактыгулов.

Салтанаттуу жыйындан соң жаңы кошумча корпустун кызыл тасмасы кесилип, келген коноктор ичи менен таанышып чыгышты. Эми аталган мектептин жамааты «Юнис-Курулуш» фирмасы тарабынан жардам катары берилген 70 миң сомду өздүк салым катары кармап, «Мерсико» уюмуна ашканага керектүү жабдууларды алууга долбоорго катышабыз деп белсенип турушат.

Ал эми Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Искендер Садырбаев быйыл дагы 3-4 мектептин курулушу бүткөрүлүп, жаңы окуу жылында пайдаланууга берилерин айтты. Бул айткандар орундалып калса, быйыл Кочкор району үчүн жаңы билим уяларын пайдаланууга берген жемиштүү жылдардан болот окшойт.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...