Акыркы макалалар

Бишкек. Бул жылы капиталдык салымдар менен бир топ иштер аткарылат

Бишкек. Бул жылы капиталдык салымдар менен бир топ иштер аткарылат

Нарын шаарынын , Нарын районунун бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда белгилүү болгондой 2015- жылы республикалык бюджеттин капиталдык салымдар боюнча беренесинде тагыраак айтканда республикалык бюджеттин эсебинен эгемен Кыргызстандын тарыхында Нарын облусунда алгачкы салынып жаткан облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн курулушуна калган акча бөлүнөт. Андан сырткары Таш-Башат, Жан-Булак айылдарында спорт залдары, Жалгыз-Терек, Казан-Куйган, Эчки-Башы айылдарына мектептердин салынышы болжолдонулуп, капиталдык салымдарга киргизилген. Мындай маалымат нарындыктарды кубандырды, келгендер аталган иштерди аткарууда маселени жеринен барып көрүп аны чечүүдө жардам кылган ЖК депутат, КСДП фракциясынын лидери Ч. Турсунбековго ыраазычылык билдиришти.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...