Акыркы макалалар

Кыргызстан тышкы карыздын 33% Кытайдан алган

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын тышкы карызы бүгүнкү күндө 3 млрд. 437 млн. доллардан ашты. Анын 98% жеңилдетилген насыялар . Кыргызстан жалпы насыянын 33% Кытайдан алган. Андан кийинки орунда Дүйнөлүк банк – 20%, Азия өнүктүрүү банкы – 17%, Орусия – 9% турат.

Бирок жөнөкөй эле эсептер жана фактылар тышкы карыздын өлчөмү Каржы министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн суммадан бир топ көп экенин аныктайт. 3 млрд. 437 млн. доллардын ичине Кытайдан Кыргызстанга өткөн жылдары түшкөн 1 млрд. 116 млн. доллар гана киргизилген. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврованын буга чейин билдиргени боюнча, келген жана келип жаткан Кытай насыяларынын өлчөмү 1 млрд. 800 млн. долларга жеткен.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...