Акыркы макалалар

Жээнбеков: тышкы карыз ИДПнын 60 пайызынан ашты

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков бүгүн каржы-экономикалык абал боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди. Ал тышкы карыз ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпасын деген мыйзам кабыл алганын айтып, өкмөттүн экономикалык саясатын сынга алды.

-Өлкө системалык кризиске кабылды. Өкмөт чыгашаны азайтуу чараларын көргөн жок. Бизнести колдобой, кайра алардын түйшүгүн көбөйтүүдө, - деди Жээнбеков.

Ушул тапта Жогорку Кеӊеште Бюджет жана финансы комитетинин демилгеси менен өлкөнүн каржы-экономикалык жагдайы талкууланып жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...